www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин эл алдында айткан айрым сөздөрү боюнча «Ата Мекен» депутаттык фракциясынын БИЛДИРҮҮСҮ

Парламенттик фракциянын лидери, 25 жылдык стажы бар саясатчы Текебаев Өмүрбек Чиркешович президенттик шайлоонун алдында камакка алынды. Депутат Ө.Текебаевди кармоо жана камакка алуу мыйзамдарды одоно бузуу менен ишке ашырылган. Аны аэропортто түн ичинде, Австриядан эл аралык конференциядан кайтып келе жатканда, негизсиз көп сандагы милиция кызматкерлери тарабынан өтө коркунучтуу кылмышкер катары кармалган. Аэропортко аскердик жүк ташуучу машиналар, бир нече автобустагы милиция, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган. Камакка алынгандан кийин көпкө чейин адвокат берилген эмес. Бөгөт коюу чарасын кабыл алууда мыйзамдуу негизи жок эле соттун көчмө жыйыны өткөрүлүп, сот жыйыны жашыруун, жабык режимде өттү. Мындан сырткары, соттун орду алмаштырылып, сот түн ичинде болду.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесттик кодексинин 150-беренесине ылайык, кылмыштын жасалышын көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын болушу жазык ишин козгоого негиз болоруна карабастан, Ө.Текебаев Россия Федерациясынын жараны Л.Маевскийдин арызы менен гана айыпталган. Ошентип, далилсиз каралоочу көрсөтмөлөр менен гана ар кандай эле жаранды камоого мүмкүндүк берүүчү коркунучтуу прецедент түзүлүп жатат. Аны менен катар, жалпыга маалымдоо каражаттарында берилген маалыматтарга ылайык, арыз берүүчү өзүнүн өлкөсүндө да мыйзам бузган фактылар бар болгону, ошондой эле анын эл аралык деңгээлдеги алдамчы экени эске алынган эмес.

«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин, Д.Чотоновдун мыйзамсыз кармалышы жана камалышы менен байланышкан акыркы окуялар фракциянын мүчөлөрү, депутаттар А.Шыкмаматовго, А.Саляновага, ошондой эле учурдагы президентке карата сын-пикир айткан жарандарга - карата козголгон кылмыш иштери бийликтин оппоненттеринин саясий куугунтукка алынып жатканын ачык далилдейт. Парламенттеги угууларда Башкы прокурор И.Жолдубаева жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы А.Сегизбаев депутат Ө.Текебаевди кармоо жана айыптоо боюнча маалымат берди, бирок алардын дооматтары жана түшүндүрмөлөрү эң эле ишенимсиз, ачыктан-ачык саясий мүнөздө айтылды.

2017-жылдын 6-мартындагы пресс-конференциянын жүрүшүндө, Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин визити учурунда Президент А.Атамбаев күтүлбөгөн сөздөрдү айтты. Ал Л.Маевскийдин арызына түшүндүрмө берип, Ө.Текебаевдин аракетин «бул накта алдамчылык жана коррупция» деп атады. Аныгында, муну менен Президент кылмыш ишине баа берди, ачыктан-ачык соттун чечимин алдын-ала аныктады. Мамлекет башчысы бул сөзү менен, «Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт», - деген Конституциянын талаптарын эл алдында бузду. Анын сөздөрүн «Ата Мекен» парламенттик фракциясы тергөө органдарына түздөн-түз басым, аракетке көрсөтмө катары кабыл алат.

«Ата Мекен» фракциясы Атамбаевдин ««Ата Мекен» партиясы сасыган партия жана мародёрлордун партиясы» деген сөзүн шылдыңдоо жана мамлекет башчысы айта турган кеп эмес деп эсептейт. Бул каралоо кампанияларынын жана камоолордун башында президент Атамбаев өзү турганын далилдейт. Мындай жеңил-желпи сөздөрү менен ал биздин өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун астында оңтойсуз абалга коюп жатат.

Өмүрбек Текебаев президент А.Атамбаевди ыйгарым укуктарын көбөйтүп алганын бир канча жолу сынга алган. Президент Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынын түзүлө турган бийлик органдарын укуксуз түзгөн, ал бекитпей турган улуттук стратегияларды укуксуз бекиткен, анын ыйгарым укуктарына кирбеген маселелер боюнча ар түрдүү жумушчу органдарды түзүп келген. Бул сыяктуу бийликтин саясий  рудименттери укуктук мамлекеттин принциптерине каршы келет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мыйзамсыз кеңейтилгенинин белгилерин камтыйт. Буга байланыштуу, депутат Ө.Текебаев президенттин импичментин демилгелөө маселесин көтөрүп келген.

Жогоруда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар 2017-жылдын күзүндө боло турган президенттик шайлоонун алдында саясий оппонентти куугунтукка алууга себеп болду.

Ө.Текебаевди айыптоо саясий мүнөздө уюшулган. Ал эми президент А.Атамбаевдин бардык сөздөрүнө жана аракеттерине саясий, укуктук жана этикалык баа берилиш керек!

Биз Президент жана күч түзүмдөрү тарабынан саясий куугунтуктун токтотулушун талап кылабыз! Кыргыз эли эбегейсиз кыйынчылык менен араңдан зорго, ал тургай адам курмандыктары менен жетишкен демократиялык баалуулуктарды жоготпошубуз керек!

Биз Президент А.Ш.Атамбаевден эл алдында өзүнүн саясий оппоненттерин маскаралоону, өз жарандарын шылдыңдоону, сотторго басым көрсөтүүнү токтотууну талап кылабыз.

Бардык прогрессивдүү коомду сөз эркиндигин, адам укуктарын коргоого, саясий же башка себептер менен куугунтукка каршы күрөшүүгө чакырабыз.

«Ата Мекен» партиясынын депутаттык фракциясы  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости