www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президентти колдойлу, өлкөнү ойлойлу» деген КСДП президентти колдоого даярбы? Бул жуманын саясий хити президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып сүйлөгөн сөзү болду. Ырасын айтыш керек, президенттин сөзүндө эл көксөп жүргөн маселелер козголду. 7-апрель күнү канын төккөн азаматтардын аруу тилеги тепселенип калды, Убактылуу бийлик эл жасаган революцияны уурдап кетти, 90 баланын каны бекер эле төгүлдү деп буга чейин айтылып келсе, аны президент өзү тастыктады. Азыр элдин арасында бир да маселени чечүүгө дарамети жетпей калган күнкарама парламент тараса экен дегендер арбын. Парламенттин өзүндө дагы “тарап кетпейлиби” деген сөздөр байма-бай көтөрүлүп келет. Мыйзам чыгаруучу бийлик өзүнүн функциясынан алыстап, саясаттын очогу болуп калганы эбак. Президент да өз сөзүндө “Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат” деп туура баа берди. Мындай парламенттин барынан жогу деген сөз ажого да жеткен окшойт “Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев сессияда депутаттарга кайрылып, “тарап эле кетпейлиби” деген сунуш айтты. Мен анын сунушун колдойт элем. Урматтуу депутаттар! Карга карганын көзүн эч качан чукубайт деген сөз бар. Эл бузарларды, мародерлорду тайраңдатып, балыктай болуп карап отурганча, чын эле депутат Төрөбаевди колдоп, тарап эле кетпейсиңерби? Же болбосо, мыйзамды сыйлап, өлкөнүн тагдырын ойлоп, эл үчүн иштебейсиңерби? Кудайдан корккула да!” деп жээриди.

Парламентте чечүүчү ролго президенттин КСДП фракциясы ээ. Шайлоо учурунда КСДП “Президентти колдойлу, өлкөнү ойлойлу!” деп ураан чакырып жүргөн. Президент тарап кетпейсиңерби деп кадам таштап жаткан соң, КСДП биринчилерден болуп “Биз президенттин саясатын колдойбуз” деп мандатын жерге бир чаап четинен чыгып кетиши керек эле. Ошондо президенттин саясатын чын эле колдогонун көрсөтмөк. Биз КСДП фракциясынын депутаттары президенттин айткан сөзүн канчалык деңгээлде колдой турганына кызыктык.

Абдувахап Нурбаев, ЖКнын депутаты: “Биз көбүнчө ызы-чууга алдырып жатабыз”

— Парламент чын эле ар нерсе менен алектенип чырдашпай, өзүнүн иши менен алектенүүсү зарыл. Экономикага, бюджетке байланыштуу ар кандай мыйзамдарды сунуштап, андай сөздөрдүн деңгээлинен көтөрүлүү зарыл. Мен Жогорку Кеңеште мындай маселе көтөрүлбөй жатат деп айта албайм. Биз көбүнчө ызы-чууга алдырып, экономикалык каржы жаатындагы маселелерди экинчи планга чыгарып ийип жатабыз. Элдин көйгөйү менен көбүрөөк алектенсек жакшы болмок.

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости