www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир мезгилде “Коомдук биринчи каналда” “Аалам сырлары” деген долбоору ачылып, аягы ызы-чуу менен коштолуп акыры жабылган. Бул долбоорду ишке ашырып жана алып барган Назира Айтбекова бүгүн, өткөн-кеткенди эстеп, берүү тууралуу кызыктуу нерселерди ачыкка чыгарды. Ал кандай кызыктар десеңиздер, анда төмөнгө назар салыңыздар!

“Миң жаман көрсөңөр дагы ушул көз ачыктарымды жакшы көрөм. Ошол долбоорду жасаганыма өкүнбөйм. Сыймыктанам! Ошол жолду басып өтүшүм керек болчу. Ал учурду сүйүү менен кабыл алам. Атыбызды сатып, аркабызга канжар ургандарды да кечирдим жана бошоттум. Силер мени чоңойттунар. Жашоого көз карашымды өзгөрттүңөр. Тарбия бердиңер! Токоч бөлүп жеген жакыныңды саткан ушундай болот деп көрсөтүп, оор жүктү мойнуңарга алдыңар. Жон терим менен сездирттиңер. Рахмат силерге! Программа тууралуу кызыктуу фактылар жана кеңештер:

* Касиет бар! Сыйкыр дүйнө да бар.

*Байкаганым боюнча келечек кадамыңарга жараша кубулуп турат. Өзүңөр каалагандай жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүн! Жараткандан сурагыла. Сөзсүз берет.

*Келечекке төлгө салдырбай эле койгонуңар оң. Ар ким өз программасын өзү түзөт дегенге ишенем.

*Бирөөгө дуба окутпагыла! Силерге болбосо, балдарыңарга сөзсүз тиет.

*Жамандык, наадандык кылыш үчүн көз ачыкка барбагыла. Жоготконду табууда жардам сураганы кайрылгыла.

*Көз ачыктар жөн гана психологдор, аферистер, кара магдар, ак магдар болуп бөлүнөт. Баары бирдей эмес.

*Программадагылардын баары чындык болчу. Алдын ала сценарий жазылат деген миф.

*Программа жана программаны түзгөндөр ГКНБ, Прокуратура аркылуу дыккат текшерүүлөрдүн негизинде программа таза жана так өтүлгөнү тастыкталган.

*Атыбызды кирдеткендер сотко берилип, сотту жеңип чыкканбыз.

*Программадагы 10 катышуучунун 2 - 3 гана чыныгы касиетке ээ болгондор. Калганын шоу уюштуруу максатында өзгөчө транска киргендерди, өзгөчө кийим кийгендерди, жаш курагы жаш болгондорду же жүрүм - туруму күлкүлүү болгондорду кошуп жиберчүбүз.

*Эң көп чоңдор кезекке туруу үчүн кайрылышчу. Арасында эки жүздүүлүк кылып эфирде каршы чыккандар да болгон.

*КТРК дин тарыхындагы рейтинги бийик программалардын катарын толуктап, болуп көрбөгөндөй резонанс жараткан.

*Чет өлкөдө мындай берүүнү жасоодо уюштуруучу топто 100 дөгөн адамдар болсо, Кыргызстанда 3 гана адам жасаган.

*Менин баамдагы күчтүү экстрасенстер: Фатима, Фарида, Асел эже жана маркум Кубаныч байке .

*Эфирден сырткары кечээ каякка бардым, эмне жедим, каякта жашайм, кайсы коллегам мени жаман көрөт суроолору менен тажатчубуз.

Программа чыныгы касиетке ээ болгондорду издөө максаты менен ачылган. Кийин аферисттер көп экенин байкап, эл тагдырын кимге карматып жатканын билиши керек деген максатты көздөй баштаган”

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости