www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошол 25-марттын таңында көпчүлүк эл катары, окуянын күбөсү болуу үчүн  “Акжол” чегара бекетин көздөй жол тарттым. Ал жерде бир саатпы же эки саатпы айтор убакыт өткөн соң, саат 12:32 чамасында Садыр Жапаровду кармап кетишти деп эл толкуй түштү. Менин болжолумда тосуп алууга барган элдин саны 1000 ге чукул болчу. Мустарап боло түшкөн эл Горький багынан жоолугушабыз дешип артка кайра тартышты. Келдик. Горький паркында бир нече жүрүштү жетектегендер жана Россияда эмгек мигранты болуп иштеген бир нече адамдар сөздөрүн сүйлөштү. Андан соң тартип сакчыларынын коштоосунда УКМКнын имаратын көздөй Садыр Жапаровду жана ага чейин камалган Текебаевди, Чотоновду бошотуу талаптары менен жөнөштү.

Андан кийинки окуянын жүрүшүн элдин баары интернеттен көргөн чыгар, ал жерде курал колдонула турган тартип бузуулар болгон жок. Муну мен ошол митингди баштан аяк көрүп турган адам катары айта алам. Мыйзамды одоно бузуу менен милиция кызматкерлери элге чабуул коюшту. Ок атуу, уруп согуу, ушунун баары менимче мыйзамдын чегинен чыгып кетти. Алардын күчүн көргөзө турган жер ал жер эмес эле деп ойлойм, жана ушул оюмду бекемдөө үчүн бул көрүнүштү дасыккан юристтин сөзү менен тастыктоону чечтим. Бул үчүн мен Жогорку Кеңештин депутаты, экс –Башкы прокурор Аида Салянованын көзү менен кароого аракет кылдым. Берген суроолорума алган жообумду ирети менен берүүгө аракет кылдым.

“Күчтөрдү өлчөмдүү колдонуу принциби деген бар, ошол бузулду. Кишилердин эмнеге кармалгандары таптакыр эле түшүнүксүз. Кимдир бирөө агрессиясын демонстрациялаган, а кимдир бирөө болсо жөн эле карап турган. Мисалы, Турсунбек Акунду ошол митингге барып калгандыгы үчүн эле кармашкан. Аялдарга жана жаш балдарга карата ыксыз күч колдонуп коюшту. Милиция ар бир кармалган адамдын тартип бузгандыгы тууралуу видео же фото көрсөтө албашы турган нерсе. Анын үстүнө ар бир  кармалган жаран медициналык жардамга жана адвокат жалдоого акылуу Конституция боюнча. Эң өкүнүчтүүсү деп курал колдонушкандарын эсептейм. Мыйзам боюнча курал колдонуу учуру бар, бирок ал үчүн  жетиштүү себептер болгон эмес. Кандай болгон күндө да бул факт боюнча принципиалдуу укуктук баа берилиш керек.

Бүгүн өлкөдөгү мыйзамдар жеке бийликтин тебелендисинде калды. Болбосо мыйзам иштеген өлкөдө адамга иш козгоп күнөө коюу, айып тагуу кылдат жана татаал процедуралардан соң ишке ашат. Анткени, адамдын тагдыры оюнчук эмес. Убал-сооптон коркуш керек. Жетиштүү далил болгондон кийин гана таза абийириң менен жоопко тартсаң болот. Тилекке каршы, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарына, анын ичинде лидери Ө. Текебаевге козголгон кылмыш иши бул тек гана саясый буйрутманын негизинде козголгон иш. Бүгүнкү күнгө чейин тергөө органы бир далилди келтире алган жок. Ал кишинин кармалышы, камалышы, сот процесстеринин жүрүшү укукка эмес, бир гана Атамбаевдин өз билемдигине таянды. Жеке кызыкчылыктын айынан канчалаган прокурор, сот, тергөөчүлөрдү мыйзамсыз иштерге түртүп садага чаап жатышат. Анткени, анын баарына жооп бере турган күн келет. Маевский деген чет элдик жарандын көрсөтмөсүнүн негизинде Ө.Текебаевге оор айып тагылды. Эгерде ошо чын болгондо эмнеге анын өзүн камакка алышпайт. Камай албайт, анткени андан калп айтып коюуну эле суранышкан. Бирок бекер эч нерсе болбойт. Ага элдин эсебинен убада беришти. Эмне менен соодалашканы тууралуу убагы келгенде сөзсүз ачыкка чыгат. Кайсы бизнесмен болбосун , маселени чечкенге кудурети жетпеген адамга эч качан 1 млн. доллар бермек эмес. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп турганда Текебаевдин компетенциясына бир гана конституциялык реформаны даярдоо кирген, мүлккө тиешелүү маселелер кирген эмес. Маевскийдин айтуусу боюнча ал Текебаев менен 2010 -жылдын июль айынын башында Москвада жолугуп, ошондо Текебаев андан акча талап кылганы имиш. Бирок, Ө.Текебаев Москвага барбаптыр. Ал күндөрү Бишкекте Президенттин инаугурациясына катышып, андан кийин Ташкент аркылуу Норвегияга учуп кеткен экен. Юристтер тастыктап берип жаткан маалыматты тергөө көрсө дагы көрмөксөнгө салап атат. Бул эмне? Бул саясый репрессия! Саясий репрессия болсо эч качан мыйзамдуу болбойт. Бул мыйзамга жат нерсе. Демек, бийлик бүгүн мыйзамга жамынам деп убара тартпай эле койсо болот”, деген оюн билдирди Аида Салянова.

Жыйынтыгында бийликтин азыркы жасап жаткан иштери коомчулук тарабынан да, мыйзам тарабынан колдоо таппайт деген бүтүмгө келдим. “Күч менен жакшы көрүнө албайсың “демекчи, бул болуп аткан иштер бийликке аброй алып келмек турсун, кайра анын мөөнөтүнө жетпей кулашын камсыздап жаткан өңдөнөт. Биздин элди атып, уруп коркутуп алам десе ал акылсыздын гана ою экенин дагы бир жолу эстерине түйүп коюшу керек.

Шамил Карабала уулу

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости