www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 25-мартта Садыр Жапаровдун өлкөгө кайтып келишине ылайык тынчтык митинги өткөрүлмөк. Садыр Жапаров өлкөгө кайтып келээрин,тынчтык митингине катышып, андан соң УКМКга өзү суракка бараарын расмий жарыялаган. Бирок ошого карабастан бийлик өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп, провокациялык башаламандыкка жол берди. Айрым маалыматтарга таянсак бул провокацияны ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров уюштурганы айтылууда.

Бул митингде тартипти көзөмөлдөө милдети Абдыкаровго жүктөлгөн. Абдыкаров тартипти көзөмөлдөп, милицияны башкаруу вазыйпасын аткарышы керек эле. Ал эми Абдыкаров тескерисинче митингди көзөмөлдөгөндү кой, окуя болгон жерге барбай качып кетиптир. Ошол эле учурда Абдыкаров провокацияны уюштуруп, атайын даярдалган балдарды чагымчылдык уюштурууга приказ бериптир. Натыйжада бир топ митингчилер жана алты милиция кызматкери жарадар болуп, алардын ичинде ГУВДнын 10 башкармалыгынын башчысына белине ок тийгени маалым болду.

Буга чейин 2010-жылы 6-апрелде Таласта ИИБдин орун басары болуп турганда, Таласта элдик толкундоолор башталганда кесиптештерин ур-токмокко калтырып аялдарча кийинип качып кеткени тууралуу ММКларда жарыяланган. Бул ирээт дагы эки тарапты кагылыштырып коюп качып кеткени эмнеси. Ушундай суу жүрөк Абдыкаров, кайсы кылган эрдиги үчүн Президент Атамбаевден "Эрдик" медалын алганы табышмак...

Аркар Кулжабеков (Макала автордун ФБдагы баракчасынан алынды)

Булак: "Майдан.кж"

 

 

 

Последние новости