www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бүгүн кеп кыла турган адамыбыз КСДП партиясынын мүчөсү Жогорку Кеңештин депутаты Музафар Исаков тууралуу болмокчу. Укук коргоочу Качкын Булатовдун иликтөөсүнө таянсак, Музаффар Исаков Сузак районун Таш Булак айыл өкмөтүндөгү жерлерди мыйзамсыз сатып, ошол акчанын аркасы менен КСДПдан депутаттыкка аттанган экен. Бул иш тууралуу тергөө ишин жүргүзүүнү суранган Анарбай Орозовду ар кандай мыйзамсыз жолдор менен оозун жап кылышкан. Бийлик анчалык коргоого алгыдай Музафар Исаков ким эле?

Укук коргоочу Анарбай Орозов жазган музафар Исаковдун  мыйзамсыз иштери тууралуу макаласы гезитке жарык көрөөрү менен Музафар Исаков президенттен кол саат сыйлык алып отурат. Кадыржан Батыровдун командасын толуктаган бул адамдын иштери тууралуу бийлик билгиси келбегени менен Сузактын эли баарын көрүп билип турушат. Анын ким экендигин да жакшы билишет.  12 гектар жерди ар 5 сотыхын 5-10 миң доллардан сатып, мыйзамды көзүнө илбеген  жоон моюн депутат Жалал- Абад областынын ошол кездеги ыйгарым укуктуу өкүлүн өкүл эне кылып, гос. регистрдин мурунку начальнигин дос кылып,  башкы прокурордун орун басарын “крыша” кылуу  менен бул иштерди аткарып жүргөн адам депутат болууга, президенттен сыйлык алууга татыктуубу?

Кечээги сепаратист Кадыржан Батыровдун соратниги, бүгүнкү депутат Музафар Исаковдун кылмыштуу иштери аны менен эле чектелбейт экен. Улут аралык мамилелерди курчутуп өзбек улутундагы адамдарды топтоп, кыргыздарга бийлик бербейбиз деген ураан менен иш алып барган деген маалымат бар. Кыскасы, бул маалыматтар кыргыздарга тарап кетип кыжырданууну жараткан.

Түштүктүн эли бийликтен мамлекеттин бүтүндүгүн сактоону, сепаратисттерге жол ачпоону, бийликти бир тараптуу башкарбоону жана кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартууну Сузак районунун Таш Булак айыл өкмөтүнүн тургундары талап кылат. 2010-жылдын жарааты али айыга элек. Ошон үчүн мындай адамдарга астейдил мамиле кылып, зоболосун көтөргөндөн мурун мурдагы жасап жүргөн иштерин эске алсак жакшы болот эле. Урматтуу президент, чындап эле коррупция менен күрөшүүнү максат кылсак,  тазалоону өзүңүздүн партияңыздан да баштасаңыз жакшы болот эле.

Шамил Карабала уулу

Последние новости