www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кабыл алынып жаткан мыйзамдардын бир тобу – башка мамлекеттердин закондорунун көчүрмөсү. Андай көчүрмө жасоого Орусиянын мыйзамдары өтө ыңгайлуу, анткени орус тили Кыргызстанда – расмий тил, ошондуктан кээде «Орусия Федерациясы» деген сөздөрдү «Кыргыз Республикасы» деп ондоп койсо эле жетиштүү, бирок кээ бир жалкоолор ошону да кылбай койгон учурлар бар.

Жогорку кеңеш 28-июлда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алды, ага окшош мыйзам Орусияда бир жарым ай мурда – 9-июнда – үчүнчү окуудан өткөн. Айырмасы – Москвада ал мыйзам өз алдынча эмес, 2006-жылдагы «Маалымат, маалымат технологиялары жана маалыматты коргоо тууралуу» мыйзамга кошумча киргизүү катары кабыл алынган.

Бирок экөөнүн идеясы бир. Интернетте кайсы бир мамлекеттик атка минер тууралуу кандайдыр бир терс маалымат жарыяланса, ал адам ошол интернет-сайттын ээсине кайрылып, ал макаланы же жаңылыкты алып салууну суранат, эгер анын талабы аткарылбаса, ал чиновник – ошол маалымат каражатын интернет менен камсыз кылган провайдерге кайрылып, сайттын жалпы ишин үзгүлтүккө учуратууга укугу бар.

Бирок орусиялык мыйзамда – аброюма шек келтирди деп эсептеген чиновник өз сөзүн ырастаган далилдерди келтириш керек жана ал тууралуу жарыяланган маалымат – ошол атка минер кылмыш жасады деген күнөө менен байланышкан болууга тийиш. Кыргыз Жогорку кеңешинде дагы 2014-жылы Кылмыш жобосуна ошондой өзгөртүү киргизүүгө аракет жасалган, бирок коомчулук жапырт каршы чыккандактан, ал сунуш өтпөй калган.

Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамда «кылмыш жасады деп күнөөлөнгөн» деген сөздөр жок, бирок башка да ченемдер өтө кыскартылып жана жалпыланып калгандыктан, кимди болбосун кандай кааласа жазаласа болот. Ким болобосун – мен тууралуу жалган маалымат таратылды деп сайттын ээсине кайрылса эле, ал маалымат жок кылынууга тийиш. Андай талап аткарылбаса, сайттын бүткүл иши токтоп калышы ыктымал.

Орусиялык мыйзамда – нааразы болгон атка минер жүйөлүү негиз жана далил келтирүүгө тийиш, эгер прокуратура аны жетишсиз деп эсептесе, дагы башка далил чогултууга убакыт берилет, ошондой жетиштүү негиз топтолгондон кийин гана сайттын ээлерине прокуратура кайрылат жана сайт ал маалыматты алып салбаса, провайдерлерге дагы прокуратура кат жазууга тийиш.

Кыргыз мыйзамынын текстинде – далил, жүйө, негиз деген эч кандай түшүнүктөр жазылган эмес. Кайсы бир атка минер жөн гана «жалган» деп койсо эле жетиштүү – сайттын же интернет-барактын ээлери андай мааламатты дароо – 24 сааттын ичинде – жок кылууга тийиш. Сайт ээлери антпесе, ошол адам өкмөткө кайрылат жана сайттын ишин провайдер аркылуу өкмөт токтотот, бирок бул акыркы механизм толук иштелип чыга элек.

Орусиялык мыйзам Мамлекеттик думада быйыл 16-февралда катталган. Кыргызстанда окшош мыйзам былтыр кабыл алынып, президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, 2020-жылдын 3-августунда мыйзамды парламентке кайтарган. 14-декабрда ал кайрадан калкып чыгып, 21-июнда ЖК комитетинин күн тартибине киргизилген, бирок 30-июнда өтпөй калган. Орусияда мыйзам биринчи окуудан 24-мартта, экинчи окуудан 8-июнда, үчүнчү окуудан 9-июнда өткөн жана Федерация кеңешинде 23-июнда бекитилген.

Ошентип, Кыргызстан графиктен артта калгандай сезилген, бирок 28-июлда парламент мыйзамды күтүүсүздөн кабыл алып жатат. Жогорку кеңештин өзүнүн регламенти боюнча, кабыл алынбай калган мыйзамды ал 6 айдан кийин гана кайра кароого укуктуу. Бирок кээде кайсы бир мыйзам жетиштүү добуш чогулта албай калса, ЖК жетекчилери аны ар башка шылтоо менен кайра-кайра колго салганына деле күбөбүз.

Негизгиси болсо – кыргыз жетекчилиги башка мамлекеттерде кабыл аныган мыйзамдарга жана ошол жактагы маанайга түздөнүп жатканында. Президенттик башкарууга өткөндө дагы премьерлик кызмат жоюлуп, анын милдетин президент аткарыш керек эле, бирок чындыгында анын аты гана алмашылды. Ошондо дагы кыргыз жетекчилиги бөтөн маанайга түздөнгөндө, аша чаап, оригиналдан да ашып кеткен учурлар көп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости