www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтин тарапташы жан дүйнөсү жаздай болгон Марат Тагаев учурда социалдык тармактагы сындарга жооп айтты.

Ал өз сөзүндө: Акылбек Жапаровго карата маал-маал маалыматтык чабуул жүрүп калат. Андай аракет Министрлер кабинетинин төрагасы болгон күнү башталган. Дайындалганына 2 ай болгондо Президенттин басма сөз катчысы ушактар негизсиз экенин билдирсе, 5 ай болгондо Президент өзү дагы "кетет сөздөрдү ким чыгарып жатат", - деп четке каккан.

Сындап жаткандар арасында чын эле эл-жер үчүн күйгөндөр да жок эмес.

Бирок, Жапаровдун иштегенине бир жылдан ашты, жыйынтык көз көрүнө. Аны цифралар эле көрсөтүп турат. Оппоненттер цифра менен талаша албай калганда цифраларды ойнотот деп чычалап киришет.

Бул тууралуу курултайда дагы айтып, ар кандай сөздөргө карабай өкмөт башчы кылып дайындаган президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирдим.

Күчтүү адам командасын күчтүүлөрдөн курайт. Болбосо президент да, премьер-министр да эт эмес же чел эмес болгон мезгил кечээ эле 2020-жылга чейин болгон.

Азыр кудайга шүгүр, президент менен премьер-министр гана эмес ар бир өкмөт мүчөсү өзүнчө саясий фигура. Ар бири эркин кыймылдайт.

Ошондуктан Министрлер кабинетинин курамында бир канча шайлоолорду уткан, революцияларды көргөн Жапаров, Ташиев, Төрөбаев, Байсалов деген чоң саясатчылар бар.

Эл болобуз, өзгөлөргө тең болобуз десек салык, тариф саясатын кайра кароо деген сөзсүз керек экенин түшүнсөк туура болот эле... - дейт Марат Тагаев. 

Последние новости