www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир бол” партиясы Атамбаевдин тизмеси менен келген партия. Азыр Атамбаевдин кол тийбестигин алып салып, бийликке жаңы президентти да ээлик кылбай, Алтынбек Сулайманов чоң-чоң кызматтарды өзү “крышовать” этип турат,ошондуктан жаңы бийлик деле аны сүйгөн жок. “Бир бол” эмнеге эмки 2020-жылкы парламенттик шайлоодо 9 пайыздык тосмодон өтпөй калышы мүмкүн:

1. “Бир болду” 2015-жылкы парламенттик шайлоого, ага чейин “Республика” партиясында саясий технолог катары дасыгып калган Досалы Эсеналиев сүрөгөн. “Бир болдун” парламентке келишине анын эмгеги чоң.

2. “Бир болдун”  тең жарымы Атамбаевдин тизмеси менен келгендер. “Бир болду” маданият меценаты, олигарх Рустам Маманов сүрөгөн. “Бир болдун” жетекчиси Алтынбек Сулайманов учурунда анын шопуру болгон. “Бир бол” өз ээси Атамбаевчилерди  тиштегилеп, башка ээ деле таба элек.

3. “Бир бол” ушундай учурдан пайдаланып, Атамбаевдин кадрларын кубалап чыгып, Жээнбековго мүмкүнчүлүк бербей өзүнүн сабатсыз кадрлары менен бийликти толтурууда, муну азыркы бийлик шайлоо учурунда кечирбейт.

4. Атамбаевдин атын түбөлүккө Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна койобуз деген демилгени Акаевдин мурунку өкмөт башчысы Кубанычбек Жумалиев баштаган “Бир болчулар” көтөрүп чыккан.

5. Бардык күнөөнү Бакиевге жаап, өздөрү “сүттөн ак” болуп чыгышкан Бакиевдин өкмөт башчысы Игорь Чудинов, биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров, көмүр жегич  Исхак Пирматов сыяктуулардан кыргыз эли тажап бүтүшкөн.

6. 2015-жылы шайлоочуларды алдап кетишкенин эл эми түшүндү, алар өз капчыктарынын камын гана ойлоп ЖКга келиптир, электоратты ойлоп да коюшкан жок.

 

7. Жаңы бийлик өз келечегин ойлоп,“Бир болду” колдобойт, бир парламентте эле шалдырап бүтүштү, эми элдин келечегин ойлогондор келишин электорат күтөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости