www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир өлкөлөрдүн жетекчилери орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абакка кесилишин сынга алышты. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бул чечимге карата Кошмо Штаттар терең тынчсызданып жатканын билдирди.
Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Навальныйга карата өкүмдү “сот адилеттигинин бузулушунун” үлгүсү деп атады. Анын айтымында, сот өкүмү кылмышка күнөөлүүлөргө эмес, курмандыкка каршы багытталганын билдирди.
Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркел орус бийлигин Алексей Навальныйды бошотууга жана аны колдогон акциялардын катышуучуларына куугунтукту токтотууга чакырды. Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас акыркы сот өкүмүн Орусиядагы мыйзам үстөмдүгү жана негизги адам укуктары үчүн оор сокку деп атады.
Навальныйды бошотууга Франциянын президенти Эммануэл Макрон да үндөдү.
Дал ушундай эле тынчсызданууларды Чехия, Литва баштаган бир нече өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү билдирди.
2-февралда Москва соту Алексей Навальныйга 2014-жылы өкүм кылынган шарттуу кесүү тууралуу чечимди үч жарым жыл түрмөгө алмаштырды. Саясатчы жабык жайда эки жарым жыл жаза өтөйт. Ал жети жыл мурун бир нече ай үй камагында отурган.
Саясатчы боюнча чечим кабыл алгандан кийин Москвада нааразылык акциялары болуп, демонстранттар менен полиция кагылышты. ОВД-Инфо борборунун маалыматына ылайык, Орусиянын бир нече шаарында өткөн митингдерде 1400дөн ашык адам кармалды.
Германияда дарыланган саясатчы 17-январда Москвага учуп келген жеринен кармалган.
44 жаштагы Алексей Навальный - Орусиянын бийлигине ачык каршы чыккандардын бири. Ал былтыр август айында Орусияда ууландырылып, эс-учу жок абалда дарыланыш үчүн Германиядагы ооруканалардын бири жеткирилген. Кийин оппозиционер «Новичок» деген уулуу зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан. Навальный жана бир нече маалымат каражаты кийинчерээк иликтөө жүргүзүп, ууландыруу боюнча операцияны Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштурушу мүмкүн экенин ашкерелеген.
Булак: NazarNews.kg