www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖАМК ИИМдин курамына кирбейт

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Ички иштер министрлигинин курамына кирбейт. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Улукбек Марипов парламенттин жыйынында билдирди.

Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ЖАМК Юстиция министрлигинин структуралык бир бөлүмү болушу ыктымал экенин билдирди.

Депутат Кожобек Рыспаев өкмөттүн структурасын өзгөртүүдө абайлабаса бюрократияга кептелип калуу коркунучу бар экенин эскертти. Ал ошондой эле ведомстволор аткарган милдеттерине жараша ылайыктуу министрликтердин курамына кошулушу керектигин белгиледи.

"Азыр өкмөттүн структурасын бекитиш керек. Андан кийин кайсы ведомство кайсы министрликтин курамына өтөрүн министрлер менен кеңешем", — деди Марипов.

Буга чейин премьерликке талапкер министрликтердин саны кыскара турганын айтып, тизмесин берген. Ага ылайык, эки вице-премьердин орду кыскарып, айрым министрликтер, ведомстволор жана комитеттер бирикти.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости