www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Акылбек Түмөнбаев Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү жана “Киргизиядагы” үйлөрүн катар буздуруп, ордуна хансарайларды салып жатканы кабарланды.
“Кудайдын кулагы сүйүнсүн” дечү беле? Учурда бийликтин таасири менен катуу байып бараткан чагы. Үйбүлө мүчөлөрү катар-катар кымбат баалуу жолтандабастарды тебишти. Баардык тарабынан ташы өйдө кулагандай. Жумушка орношуу, бизнес өркүндөтүү ж.б. жагынан Акылбек Түмөнбаевге “демөөрчүлөрдүн” кайрылып калышканы кандай?
Замандын өзгөргөнүн карачы? Убагында “каарманыбыз” финполго шопур катары ишке кирип, жогорку окуу жайын сырттан бүтүрүп, көптүн арасында эле жүрчү. Оомат келсе билим, тажрыйба деле каралбайт тура. Чиркин дүйнө! Жыргал жашоо канчага чейин созулат болду экен?
Булак: Азия News гезити