www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май районунда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн өткөрүүнүн тартиби талкууланды.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйынга Бишкек шаарынын казы Самидин Атабаев, медресенин башчысы Расулбек Сариев, Биринчи май районунун имамынын орун басары Махамадин Разыков катышты.

Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк майрамдарды жана сөөк коюу жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу планы талкууланды.

Айта кетсек, 11 мечит, 23 намазкана жана 2 медресе Биринчи май райондук САМКнын филиалы тарабынан каттоодон өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости