www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдык иш-чарада диджейлик кылган жаш катышуучу менен жолугушту.
Белгилүү болгондой, жаш кыз ШКУнун Дельфий оюндарында коло медаль жеңип алган жана ыктыярчылык ишмердүүлүк менен да активдүү алектенет.
Жолугушуунун жүрүшүндө майрамдык иш-чара учурунда орун алган жагдай талкууланып, шаар башчысы жаш аткаруучуга колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Айбек Джунушалиев окуяга байланыштуу жоопкерчилик иш-чаранын уюштуруучулук бөлүгүнө жооптуу кызматкерлерге таандык экенин белгилеп, алар процесс учурунда тийиштүү көзөмөлдү жана координацияны камсыздай албай калганын айтты.
«Бул жагдайда сиздин күнөөңүз жок. Тилекке каршы, мындай кырдаал жаралды.
Сиздин жетишкендиктериңизге жана сыйлыктарыңызга эч ким шек келтирбейт. Сүйгөн ишиңизди улантып, чеберчилигиңизди өнүктүрүп, Бишкек шаарын ар кандай иш-чараларда татыктуу көрсөтө бериңиз», — деди мэр.
Ошондой эле шаар башчысы жаш катышуучуну ыктыярчылык ишмердүүлүгүн улантууга жана келечекте да шаардык маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.
Колдоо иретинде Айбек Джунушалиев жаш диджейге эстелик белек тапшырып, ага ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Жаш катышуучунун апасы бул окуя техникалык катачылыктын натыйжасында болгонун белгилеп, бул жагдай кызы үчүн маанилүү тажрыйба жана сабак болгонун билдирди.