www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек ЖЭБ быйыл күз-кышкы сезондон кийин мэриянын балансына өтөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди.
Аткаминер бүгүнкү күндө энергетика тармагына алынган кредиттердин суммасы 136 миллиард сомду түзөрүн айтып, андан кутулуунун жолун издеп жатканын белгиледи.
"Министрлер кабинети менен сүйлөшүп жатабыз, бул көйгөй чечилет деп ойлойм. Карыздарды Финансы министрлигине өткөрүп берип, энергетикалык компания таза барактан иштеп баштайт. Бишкек ЖЭБине эң көп карыз алынган. Энергосектордун көп акчасы ошого кетет. Күзгү-кышкы сезондон кийин Бишкек ЖЭБин мэрияга өткөрүп беребиз. Менин биринчи милдетим карызга баткан энергосекторун баткактан чыгаруу", — деди Ибраев.
Ошондой эле министр чет жактан алынган кредиттерге "Датка — Кемин" электр линиясы курулуп, "Датка" подстанциясы, Бишкек ЖЭБи реконструкцияланганын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg