www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына 1948-жылы туулган жаран Ч.Г. арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Анын айтымында, шектүүлөр өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жолу менен ишенимине киришкен. Натыйжада кылмышкерлер жабырлануучуну банкомат аркылуу банктык картага 22 130 000 сом которууга көндүрүшкөн.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери шектүүлөрдүн ким экенин жана кайда жүргөнүн аныкташкан.
Аныкталгандай, А.К., 2005-жылы туулган, “дроппер” деп аталган ролду аткарган — ал өз атына катталган банк картасын сатып жиберген. Кийинчерээк ошол карта уурдалган акчаларды которуу үчүн колдонулган. Шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилген жана КР ЖПКнын 96 жана 97-беренелеринин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ошондой эле Э.К., 2006-жылы туулган жаран аныкталган. Ал “дроповод” ролун аткарып, «Telegram» мессенджериндеги каналдар аркылуу башка адамдардын банк карталарын сатып алуу менен алектенген. Ал дагы Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилип, КР ЖПКнын 96 жана 97-беренелеринин негизинде УКЖга камалган.
Учурда милиция кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, ошондой эле окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн кошумча маалымат жана далилдерди чогултуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарга кайрылат:
Сак болуңуздар! Укук коргоо органдарынын, банктардын жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери эч качан акча каражатын башка банк картасына же эсепке которууну талап кылышпайт, ошондой эле банктык жашыруун маалыматтарды сурашпайт.
Эгер мындай чалуулар же билдирүүлөр келип түшсө, дароо сүйлөшүүнү токтотуп, жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылыңыз же 102 номерине кабарлаңыз.