www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы Чыгышта кырдаал жетинчи күндөн бери чыңалуу абалында уланууда. АКШ жана Израиль «Арыстардын күркүрөөсү» операциясынын алкагында Иранга жана Тегеранды колдогон «Хезболла» жоочуларынын жайгашкан жерлерине ракеталык соккуларды токтотпой жатат.

Араб маалымат каражаттары ИРККнин (Ирандын Ислам революциясын коргоочу корпус) атайын багыттагы генералы Исмаил Каани “Моссад” үчүн шпиондук кылган деген шек менен атылганын жазышты. “Тастыкталбаган булактарга” таянган билдирүүлөргө караганда, ИРККнин “Аль-Кудс” атайын бөлүмүнүн башчысы Каани Израиль чалгын кызматына иштеген деп шектелип, камалып, атылган.

Маалыматтарда айтылгандай, Исмаил Каани Америка-Израиль бомбалоолору учурунда Хаменейинин жанында болгон, сокку болоору алдына ал жерден чыгып кетип, жыйында катышкандардын арасында жалгыз амамн калган адам болгон. Мурда ИРКК аны “Моссад” менен байланышта деп шектенип келген.

Азырынча бул маалымат расмий жактан тастыктала элек.

Последние новости