www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Талды-Булак айылындагы асыл тукум жылкы заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Анда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана мамлекеттик холдингдин жетекчиси маалымат берип, чарбанын шартын жакшыртуу жана кызматкерлердин маянасын көтөрүү боюнча Төрагадан көмөк сурашты.  

Марлен Маматалиев малдын санын эмес, сапатын көтөрүү учур талабы экенин белгилеп, андыктан асыл тукум жылкы заводунун өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады. Ага ылайык, суралып жаткан каражаттарды бөлдүрүп берип, айтылган сунуштар боюнча керектүү иштерди алып барарын убада кылды. 

Алсак, аталган асыл тукум жылкы заводу 1936-жылы түптөлүп, кезинде Советтик армия үчүн аттарды таптап берип турган. 

 

Последние новости