www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйылкы жылдын алгачкы эки айында эле Кыргызстандан 17 тонна гүл экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Кыргызстанда өстүрүлгөн гүлдөр ички рыноктон сырткары чет өлкөлөрдө дагы сатылат. Биздин гүлдөргө айрыкча жакынкы мамлекеттерден суроо-талап жогору.
Кыргызстандан гүл негизинен Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Арменияга жана башка өлкөлөргө сатылат.
Жыл сайын гүлдүн экспорту көбөйүп жатат. Тактап айтканда, 2024-жылдын жыйынтыгы менен чет өлкөлөргө 13 миллион 49 миң 405 даана гүл жөнөтүлгөн. Ал эми 2025-жылы экспорт көлөмү дагы көбөйүп, 24 миллион 99 миң 696 даана гүлдү түзгөн.
Быйылкы жылдын алгачкы эки айында эле Кыргызстандан 17 тонна, башкача айтканда 213 миң 745 даана гүл экспорттолду. Экспорттолгон гүлдөрдүн негизги бөлүгүн Өзбекстан сатып алып, бул өлкө кыргыз гүлдөрүнүн башкы импорттоочуларынын бири болуп калды.
Адистердин айтымында, өлкөдө гүл өстүрүү тармагы акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатат.