www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын эл аралык соода боюнча федералдык соту президент Дональд Трамптын администрациясы компанияларга 130 миллиард доллардан ашык бажы төлөмдөрүн кайтарууга тийиш деп чечти. Бул тууралуу The New York Post жазды.
Соттук чечимге ылайык, судья Ричард Итон АКШнын Бажы жана чек ара кызматына импортерлор төлөгөн суммаларды эсептеп чыгып, акчаларды кайтаруу процедурасын баштоону тапшырды.
Мурда АКШ Жогорку соту Трамптын “Эркиндик күнү” деп аталган тарифтерин мыйзамсыз деп тааныган. Соттун чечиминде президент бул тарифтерди киргизүүдө экономикалык өзгөчө укуктар жөнүндө мыйзамды туура эмес колдонгону айтылган.
Маалыматка ылайык, 2 миңден ашуун компания буга чейин төлөгөн бажы төлөмдөрүн кайтарууну талап кылып арыз берген.
Белгилей кетчү жагдай, Белый үй соттун чечимине каршылык көрсөтүп, процесс узакка созулушу мүмкүн.