www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-апрелде болжол менен саат 14:10 чамасында Бишкек ШИИББдин «102» кызматына Жибек Жолундагы Аламүдүн суусунун көпүрөсүнүн алдында аял кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери болжол менен жашы 40-45 жаштагы аял кишинин жансыз денесин табышкан. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.

Чакыруу менен барган милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө ишаракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.С аттуу жаранды кармап, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткиришкен. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотке чейинки өндүрүшкө алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости