www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинага басып кирген күндөрү Киевде жана анын айланасында иштеп жүргөн Өзбекстандын 11 жараны дайынсыз болууда.

Украинадагы "Айдар" батальонунун мурдагы мүчөсү, жизактык Шавкат Мухаммад мигранттар акыркы жолу жакындары менен Киев облусунун Бучанск районундагы Бузовая айылынан байланышка чыкканын билдирди.

"Киевдеги кармаштар башталардын алдында 11 өзбекстандык мигрант дайынсыз жоголуп кеткени тууралуу каттар келди. Мен аларды издеп, Өзбекстандагы жакындарын таптым. Жети мигрант Сурхандарыя облусундагы бир мааленин тургундары экен. Алар туткундан качып чыгып, Киевдин четиндеги айылда 3-марта чейин жашашкан. Акыркы жолу туугандары менен ошол айылдан байланышка чыгышкан. Андан бери алардан эч кандай билдирүү болгон эмес. Ал аймактарда айыгышкан салгылашуулар болуп, көп адам өлгөн. Алар орустардын туткунуна түшүп калган жокпу деп тынчсызданып жатам. Алар жөнөкөй мигранттар болушкан", — деди Мухаммад.

Өзбекстандын Украинадагы элчилиги өзбек мигранттары дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат бар экенин жана алардын жакындары менен байланышта болуп жатышканын билдирди.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, согуш башталганга чейин Украинада 4300 өзбек жараны жашап жүргөн. Алар украин жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, ишкерлер жана эмгек мигранттары болушкан.

Буга чейин Өзбекстандын Украинадагы элчилиги бул өлкөдөн 26 каттам менен 6 миңден ашык өзбекстандык эвакуацияланганын билдирген.

"Свобода" радиосунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Украинада, анын ичинде согуш жүрүп жаткан райондордо дале Өзбекстандын жарандары бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости