www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Т.О. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “З.К.” аттуу жаранга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базарында анын ишенимине кирип, Түркиядан спорттук кийим-кечелерди алып келип берүү шылтоосу менен, алдамчылык жолу менен 1 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, андан соң изин жашырып жүргөнүн билдирген.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. 

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган З.К., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Көңүл буруңуздар! Кылмышкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(700) 21-00-24, 0(551) 90-00-59 же 102.

Последние новости