www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 60 жаштагы аялды жаш баланын көзүнчө атып кетишти. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, окуя 22-февралда күндүз Аламүдүн-1 кичирайонунда болгон. Маркумду белгисиз кишилер өз үйүндө тындым кылышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ок анын башына тийгени айтылууда. Милиция кылмыш ишин козгоп, шектүүнү издеп жатат.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости