www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия өнүктүрүү банкы Борбор Азия өлкөлөрүнө союз маалында түзүлгөн бирдиктүү энергетикалык системаны калыбына келтирүүнү сунуштоодо.

Бул маселе 2014-жылдан бери Өзбекстанды кошпой энергетикалык шакекчени калыбына келтирүүгө ниеттенген Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан менен такууланып келе жатат. Азия өнүктүрүү банкынын Тажикстандагы кеңсесинин өкүлү Татьяна Евстифеева Борбор Азиядагы экономикалык абалга байланыштуу учурда бул маселе кайра актуалдуу болуп жатканын айтты.

Ташкент 2009-жылы бир тараптуу түрдө бирдиктүү энергетикалык системадан чыгып кеткен. Бирок Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда азыркы тапта электр энергиясы тартыш. Буга байланыштуу банк аймактагы өлкөлөрдү бул маселени биригүү менен чечүүнү сунуштоодо.

Бул арада 2016-жылы Тажикстан менен Кыргызстан ири масштабдуу CASA-1000 долбоорун баштаган. Жогорку чыңалуудагы электр энергиясынын узундугу 1,3 миң чакырым болот. Ал жүзөгө ашса, эки өлкө жайкысын Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясы экспорттой баштайт.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости