www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык кесиптик кошуундар конфедерациясы казак бийлигинен Oil Construction Company (ОСС) мунай компаниясынын кызматкерлери Амин Елеусинов менен Нурбек Кушакбаевди куугунтуктоону токтотууга үндөөдө. Бул тууралуу конфедерациянын өкүлү Башкы прокуратуранын кызматкерлери менен жолугушуу маалында айтты.

— Казакстан бизге мүчө уюмдардын бирине репрессиялык мамиле жасоо менен эл аралык эмгек стандарттарында көрсөтүлгөн биригүү эркиндигин чектөөдө. Муну менен өлкө эл аралык аренадагы жеңилдиктерин жоготуп алуу тобокелчилигине барууда. Биздин уюмдун 160тан ашуун өлкөдө 183 миллион мүчөсү бар, – деди уюмдун башкы катчысынын орун басары Яап Виенен.

Эл аралык конфедерациянын башкы катчысынын орун басары эгер казак бийлиги аларга карата катаал мамилесин өзгөртпөсө, уюм чоң кампания баштап, Казакстанды эл аралык стандарттарды сактабаган өлкө катары таанытууга аргасыз болушарын баса белгиледи. Анын айтымында, бул каржылык кесепеттерге жана абройдун түшүүсүнө алып келет.

Мангистау облусунда мунайчылардын ачкачылык акциясына жетекчилик кылышкан Амин Элеусинов менен Нурбек Кушакбаев январда камакка алынышкан. Алардын бири коомдук мүлккө кол салган, экинчиси мыйзамсыз ачкачылык акциясын уюштурган деп айыпталышууда. Каршылык акциясынын катышуучулары Казакстандын көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясын жоюуга каршы чыгышкан.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости