www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул тапта бирдиктүү болуп биригүүнүн даңгыр жолун ачкан “үчилтик” Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиевди мисал кылсак болот. Бул Түштүктүн “үчилтигине” эртең эле Түркияда жүргөн Мелис Мырзакматов келип кошулушу толугу менен мүмкүн.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, тиги "үчилтиктин" жолун жолдоп жакынкы аралыкта Алмамбет Шыкмамбетов, Нариман Түлеев, Карганбек Самаков үчөө биригет.

Эмне дейбиз, ынтымакка келип, биригүүнүн жолуна түшкөн чыгаандарга бекем достук каалайбыз. Дегени менен кыргыздан чыккан кыйындар тээ илгертен эле бири-бирин буттан чалып келсе, түбөлүк биримдикте болгон ынтымакты көрүү өтө эле кыйыныраак.

Ага мисал катары, Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановду алсак болот. Кар урушуп ойношуп, бири-биринин башына суусар тебетей кийгизип, ийнине саймалуу чепкен жаап, элдин ак батасын алгандар деле эки жээкте калганы эсибизде.

Канткен күндө дагы түзүлүп калган “үчилтик” менен жаңыдан сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан “үчилтикке” ажырашкыс ийгилик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости