www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Казахстан медиаторлор ассоциациясы” уюмунун жетекчиси Жандильда Жакупов 22 - 27 апрель күндөрү Бишкекте медиаторлорду даярдоо боюнча курс өтүп өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Курстун катышуучулары – регионалдык аксакалдар сотторунун мүчөлөрү, адвокаттар жана “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмесинин (Кыргызстан) өкүлдөрү.

Окуу учурунда катышуучулар конфликт, анын түрлөрү жана жүрүм-турумдун стратегиясы, ошондой эле конфликт учурунда сүйлөшү боюнча атайын ыкмалар, комуникативдик өнөрлөрдү үйрөнүшөт. Ошондой эле аларга контакт түзүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана конфликтти чечүү жолдору тууралуу айтып беришет.

Катышуучулар сотко чейин, соттон тышкары жана сот учурундагы жана үй-бүлөлүк, эмгек, социалдык, граждандык, жаза, административдик, коммерциялык талаштардагы медиациянын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышат.

Курсттун аягында жазуу жана ооз эки, ошондой эле практикалык түрүндө экзамен болмокчу.

Үй-бүлөлүк, эмгек жана коммерциялык талаштардагы сотко чейин чечкен медиация институту Кыргызстанда 2018-жылдын февраль айынан тарта иш жүргүзөт.  

Аталган курс USAID жана Кыргызстандагы Укукту өнүктүрүү эл аралык уюмунун (IDLO) “Сотторго ишеним” аттуу программасынын алкагында жана “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмеси, Казахстан медиаторлор ассоциациясы менен биргеликте уюштурулат.

Тренер:  Жакупов Жандильда Ажигалиевич, Казахстан медиаторлор ассоциациясынын генералдык директору.

Өтүүчү жай:  Бишкек ш., Демар отели (Свердлов чолок көчөсү 3\1 Бөкөнбаев к. менен кесилишет)

Байланыш үчүн IDLO медиа эксперти Асыл Осмоналиева 0550404367

Булак: NazarNews.kg

Последние новости