www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте милиция кызматкери зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 6-февралда аларга 24 жаштагы кыз арыз менен кайрылып, 5-февралда болжол менен саат 19:30да Бишкектеги мейманкалардын биринде белгисиз адам аны коркутуп, күч колдонулуп зордуктаганын билдирген.

Аталган факт боюнча «зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү катары милициянын лейтенанты К.У. аттуу кызматкерди кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

«Учурда окуя боюнча териштирүү иштери улантылууда жана тиешелүү экспертизалар дайындалган», — деп айтылат маалыматта.

Милициядан билдиришкендей, мыйзамды жана кызматтык тартипти бузган кызматкерлерден өз ара тазалануу иштери Бишкек шаарынын ИИББнин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Мыйзам бузуулар аныкталган учурларда катуу чаралар көрүлөт.

Последние новости