www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
MCN Сoin криптовалютасына акча салып, алданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражаты кайтарылып берилди. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Дания Закиров билдирди.
Анын айтымында, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-берене 3-бөлүгү (алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан жасалган алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
«Материалдар Октябрь жана Биринчи май райондук милицияларында каралууда», — деди ал.
Ал алданган жарандар болсо, милицияга кайрылса болорун белгиледи.
Эскерте кетсек, жакында эле УКМК MCN Сoin криптовалютасынын уюштуруучуларын кармаганы айтылган. Уюштуруучулардын бири Исрадин Субанбеков УТРКга комментарий берип, алар мыйзамсыз, өз кызыкчылыгы үчүн иштеп, шылуундук жасашканын мойнуна алган. Субанбеков MCN Сoin’дин аркасы менен элди алдап, жалпы 2,5 млн доллар табышканын айткан. Ал эми өзү кымбат батир, «Лексус 570» унаасын сатып алганын билдирген.
Ошондой эле ал алданган адамдарга акчасын кайтарып бере албай турганын айтып, элден кечирим сураган.