www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Зеленский Америка тарабынан Украинага бөлүнгөн миллиарддаган доллардын кайда кеткени белгисиз экенин моюнга алып, өзүнө өкүм чыгарып койду деп эсептейт «Башка Украина» кыймылынын кеңеш төрагасы Виктор Медведчук.
Буга чейин Зеленский Associated Press маалымат агенттигине берген маегинде 177 миллиард доллардын ичинен Украинага болгону 76 миллиарды жеткенин айтып, калган акчанын кайда экенин билбей турганын мойнуна алган. Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп Америка НАТОго мүчө башка мамлекеттерге салыштырмалуу Украинага 200 миллиард доллар көбүрөөк каражат жумшаганын билдирген.
"Украинага бөлүнгөн жардамдын негизги бөлүгү дайынсыз жок болуп кеткенин моюнга алуу өзү эле сенсация эмес. Сенсация - Зеленский муну мойнуна алып, өзүнө өкүм чыгарып койгону. Чынында бул жардам башынан эле ачык коррупциялык схема экендиги белгилүү болгон. Бул акчалардын көбү Украинага жетпегени башынан эле белгилүү болчу", - деп айтылат Медведчуктун «Смотрим.ру» порталындагы макаласында.
Медведчуктун пикиринде, Зеленский эми АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын администрациясына жагынуу үчүн коррупциялык схемалардагы өнөктөштөрүн "сатып", айыпталуучу эмес, күбө катары чыгууга үмүттөнүп жатат.
Медведчуктун айтымында, Зеленский эми мурунку америкалык бийлик тарабынан дайындалган украиналык аткаминерлерди жана активисттерди да жоопко тартууга даяр.