www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү жана Өкмөттүн натыйжалуулук департаментинин (DOGE) жетекчиси Илон Маск USAID агенттигинин ишинин убактылуу токтотулушунан улам Орусия менен Украинанын көз карандысыз ЖМКларынын каржылоону жоготушуна байланыштуу жаңылыкты шылдың менен комментарийледи. Ал бул тууралуу Х (мурунку Twitter) социалдык тармагында жазды.

Маск «Орусия жана Украинадагы көз карандысыз ЖМКлар USAID ишинин токтотулушунан улам каржылоону жоготуп жатат» деген макаланын сүрөтүн бөлүштү.

"Lmao" интернет колдонуучулары колдонгон кыскартма болуп, "күлкүдөн талдым" дегенди билдирет. Бул сөз көбүнчө ирония же сарказмды көрсөтүү үчүн колдонулат.

Макаланын стили жана формулировкасына караганда, Маск 7-февралда жарыяланган The Washington Post макаласына шилтеме берген.

Макалада USAID каржылаган ЖМКлардын толук тизмеси көрсөтүлгөн эмес, бирок агенттиктин каржылык колдоосун алган уюмдардын арасында украиналык «РИА Юг / РИА Мелитополь» интернет-порталы бар экени белгиленген.

Украиналык Detector Media коомдук уюмунун жетекчиси Наталья Лыгачева басылмага билдиргендей, өлкөдөгү чет элдик гранттарды алган ЖМКлардын 50%дан ашыгы америкалык жардамга көз каранды.

Дональд Трамп бийликке келгенден кийин АКШнын чет элдик жардамдарынын дээрлик бардыгын 90 күнгө токтотууну буйруган. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Трамптын командасы USAID кызматкерлеринин санын азыркы 10 миң адамдан 294ке чейин кыскартууну пландаган. Президент агенттикти «коррупциянын булагы» деп атап, акча каражаттары «шылуундук жолу менен» коротулуп жатканын билдирип, аны жабууга чакырган. Маск да агенттикти «кылмыштуу уюм» деп атап, анын «кетчү убактысы келди» деген оюн билдирген.

Последние новости