www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-сентябрга караган түнү Садырбаев-Валдайская көчөлөрүнүн кесилишинде өспүрүмдү сабап, унаага салып, белгисиз жакка алып кетишкен жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен катталган.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Э.Э., 2004-жылы туулган Т.Д., 2004-жылы туулган Б.К., 2000-жылы туулган М.Б., 2005-жылы туулган К.Н., 2004-жылы туулган Н.О. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости