www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыкка кабылган балдардын саны 2 миңге жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Гүлзат Дикамбаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымына караганда, бейтаптардын басымдуу бөлүгү Ош менен Бишкек шаарларында катталган.
"Көбү эмдөөдөн баш тарткан 1-5 жаштагы балдар. Кызамык менен ооруган балдардын 50 пайызы эмдөөдөн баш тарткан бишкектиктер, ал эми 30 пайызы 1 жашка чейинки эмдөөгө жашы жетпеген балдар", — деди Дикамбаева.
Учурда Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 52 адам кызамыктан дарыланып жатканын аталган клиниканын дарыгери Гүлзана Жакыпбекова маалымдады.
"Бул оору азайган жок, күндөн күнгө көбөйүп жатат. Ооруканага балдар өтө оор абалда, дене табы жогору болуп, жөтөлүп, ичи өтүп, кусуп, дем ала албай калган абалда түшүп жатат", — деген дарыгер.
Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкты дарылоонун атайын жолу жоктугун, аны эмдөө менен гана алдын алууга мүмкүн экенин эскертип келет.
Булак: NazarNews.kg