www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Шүкүров жана Медеров көчөлөрүн бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, көпүрө Түштүк чоң Чүй каналы аркылуу өтөт.
Көпүрө эки тилкелүү, туурасы 10 метрди түзөт. Эки тарабына тең жөө кишилер үчүн туурасы 2,25 метр болгон тротуарлар жасалды. Түнкү коопсуздук үчүн беш даана чырак мамысы орнотулган. Көпүрөнүн узундугу 17 метр, туурасы 9 метр.
Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган.
Жаңы көпүрө толугу менен ишке киргизилди жана жол кыймылы үчүн ачык.