www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү 24-жыйынына катышты.
Жыйын Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен делегациялардын жолугушуусунан башталды, андан соң салттуу түрдө сүрөткө түшүү аземи болду.
Тар чөйрөдөгү жыйындын жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелери боюнча жемиштүү талкууларды өткөрүштү.
Катышуучулар глобалдык экономиканын актуалдуу чакырыктарын карап чыгып, Шанхай кызматташтык уюмунун аймагында көп тараптуу интеграцияны бекемдөөнүн конкреттүү жолдорун белгилешти.
Ошондой эле уюмдун ичиндеги өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, анын ичинде жалпы экономикалык инструменттерди өнүктүрүү жана ар кандай секторлордо тыгыз байланыштар үчүн шарттарды түзүү аркылуу басым жасалды.