www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22-февралда Бишкектеги №29 мектепке залкар татар акыны, Советтер Союзунун баатыры Муса Жалилдин ысымын ыйгаруу аземи өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги "Орус үйүнөн" билдиришти.
Иш-чарага Татарстандын вице-премьер-министри Василь Шайхразиев баштаган россиялык делегация катышат.
Уюштуруучулардын айтымында, бул демилге тарыхый эс тутумду сактоого жана Кыргызстан менен Россиянын маданий байланыштарын бекемдөөгө багытталган.
Муса Жалил — советтик акын жана коомдук ишмер. Согуш учурунда туткунга түшүп, антифашисттик ишмердүүлүгү үчүн 1944-жылы өлүм жазасына тартылган. Анын түрмөдө жазган "Моабит дептери" ырлар жыйнагы эрдиктин символу болуп калган. Быйыл акындын туулган күнүнүн 120 жылдыгы белгиленүүдө.