www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги, Жапония өкмөтү жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) баасы 4,5 млн долларды түзгөн жаңы долбоорду ишке киргизүүдө. Жапон тарап каржылап жаткан долбоор Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 17 миң чакан фермерди колдоого багытталган.

Тиешелүү макулдашууга Кыргыз улуттук агрардык университетинде өткөн Улуттук агродиалог иш-чарасында кол коюлду. Долбоордун негизги максаты — климаттын өзгөрүүсүнө аялуу аймактарда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, фермерлердин өндүрүмдүүлүгүн жана кирешесин жогорулатуу.

Долбоордун алкагында фермерлер төмөнкүдөй жардамдарды алышат:

  • Жогорку сапаттагы көчөттөр;
  • Тамчылатып сугаруу системасы менен жабдылган күнөскана инфраструктурасы;
  • Суу резервуарлары жана органикалык компост өндүрүүчү жайлар;
  • Түшүмдү сактоочу чакан жайлар.

Ошондой эле фермерлер үчүн айыл чарбасын жүргүзүүдө климаттык шарттарды эске алуу, түшүм жыйноодон кийинки башкаруу, кооперативдерди жана финансылык ресурстарды башкаруу боюнча окутуулар уюштурулат.

Долбоор Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) техникалык колдоосу менен ишке ашырылат. Ал мөмө-жемиш жана жашылчалардын кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү боюнча министрликтин башкы планына өз салымын кошот.

Иш-чарага министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити жана БУУ ДАТПнын Кыргызстандагы өкүлү Кожиро Накай катышты.

Последние новости