www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнө Алексей Ширшов катышканын “Азаттыкка” ырастады.

Орусиянын энергетика министрлиги Кыргызстан менен Орусия жумушчу жолугушуу өткөрүп, ага орус министри Сергей Цивилев жана кыргыз тараптан Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев катышканын жазып, жолугушууда тартылган сүрөттөрдү жарыялаган. Кыргыз делегациясынын катарынан Алексей Ширшовду да көрүүгө болот. Орусиянын энергетика министрлиги кийин ал сүрөттү өчүрүп салды.

“Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча келишимди Кыргызстан бир тараптуу бузган. Орусия тарап эл аралык сотко берип Кыргызстанды утуп алган. Ошол боюнча карызыбыз бар. Башында 37 млн доллар болчу. Туумдары менен 54 млн долларга жетип калды. Карыз үчүн долбоорду башка инвесторлорго берүүгө мүмкүн болбой жатат. Алексей Ширшов проектти майда-чүйдөсүнө чейин билет. “ЭлКатты” мамлекетке кайтарганга жардам берди. Андан тышкары Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлктөрүн мамлекетке алуу ишине көмөк көрсөтүп жатат. Алексей Ширшов Министрлер кабинетинин буга чейинки төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен деле иштешкен. Бирок социалдык тармактарда туура эмес сөздөр тарап жатат”, - деди ал.

Данияр Амангелдиев Алексей Ширшовдун өкмөттө кандайдыр бир кызматы жок экенин, карызга байланыштуу маселени чечүүгө көмөк көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Булак: Азаттык

Последние новости