www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин борборунда өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган жаран оорукадан бүгүн түнү каза болду. Бул тууралуу бейтапканадан билдиришти. Маалым болгондой, жабырлануучу баңгизаттын таасири астында болгон. 

Эскерте кетсек, кече, 28-февралда саат 16:00 чамасында Киев жана  Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде 40-45 жаштардагы Руслан аттуу адам өзүнө бензин чачкан. Андан кийин ал кийимдерин өрттөп жиберген.

Жолдон өтүп бара жаткандар өрттү өчүрүүгө үлгүрүшкөн. Аталган адам "жашоодон тажадым, метадондон тажадым" деп кыйкырган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу өз жанын кыюуга аракет кылган. Ал баңги затына көз каранды жана өзүн-өзү өрттөгөн учурда баңгизаттын таасири астында болушу мүмкүндүгү айтылды.

Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисовдун айтымында, жабырлануучунун денеси болжол менен 30 пайыз күйгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости