www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогору Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге Илим Карыпбеков адамгерчиликтин рамкасынан аттап өтүп, акыл-эси соо адам айтпай турган сөздөрдү жазды.

Башкача айтканда, Дастан Бекешев мэриянын ишин сынга алып: "Шаардагы көптөгөн тротуарларды кафелер, курулуш компаниялары басып алышкан. Бул деген мэриядагы коррупциянын көрсөткүчү", - деп жазган. Анан эле ага Илим Карыпбеков жооп кылып: "Дастан Далабаевич, өз көзүңүз менен көрбөгөндөн кийин, ким эмне айтып, эмне жазса эле баарына эле ишене бербеңиз", - деп акыл айтты. 

Анын бул кылыгы соцтармакта катуу сынга алынып, Илим Карыпбеков көзү азиз Дастан мырзаны минтип шылдың кылганы, деңгээли өтө төмөн, жеткен пас адам экенин билдирип турганын айтышып, жерге түкүрүп жатышат.

Ырасында, дал ушул келжирек Илимге караганда Дастан мырзанын көзү да, көөдөнү да көрөт. Илимдин көзү соо болсо да "көр" экен. Көөдөнү такыр сокур тура.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости