www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан менен Түркмөнстан атайын Чолпон-Атага келип Борбор Азиядагы достук, кошуналык жана кызматташтык  боюнча келишимге кол койбой кетишти. Түркмөнстандыкы белгилүү Сердар Бердымухаммедов атасынын ордуна жаңы эле президент болду. Ошондуктан ал саясаттагы оош-кыйыштарга көп деле түшүнө бербейт Ошол үчүн бул келишимди атасы Гурбангулыга окутуп анын батасын алыш керек. Жөндөн-жөн эле чоң документтерге кол койо албайт. Мүмкүн 2-3 жумадан кийин атасы менен акылдашып кол коюп берер.

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тиш кагып калган карышкыр. Беш мамлекеттин ичинен Тажикстан фарсы тилинде сүйлөп, түрктөргө кайнаса каны кошулбайт. Анын үстүнө Баткенге көз артып Кыргызстанга, Бухара көз артып Өзбекстанга муштум түйүп турат.Өзүнө өтө керек болуп турган CASA-1000 субрегионалдык долбоору дегенде жантыгынан жата калат. Тажикстандын өзүнүн картасында Баткендин, Бухара менен Самаркандын бир топ жерин Тажикстанга каратып жазып алган. Булардын түпкү теги фарсы тилин кабыл алган сарттар.Алар Ооганстанга тийишип турат, болбосо фарсы жагынан жакын оогандыктар менен биригип көргүлүктү көрсөтмөк.

Улуттук кыймылы партиясынын лидери Түркиянын президенти Режеп Эрдоганга «Түрк дүйнөсү» деген картаны белек кылды. Бул картада Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Тажикстан кызыл түс менен берилген. Кызгылт түс менен и Балкан жарым аралы, Ирандын тең жарымы, Орусиянын түштүк аймагы, Шибердин (Сибирь) көпчүлүк бөлүгү жана Монголиянын  батыш тарабы берилген. Андан тышкары сары түс менен Алтай, Якутия жана кытайдын Шинжаң –Уйгур автономиялык району берилген. Бул түстөр эмне себептен берилгени тууралуу сүрөттө сөз болгон эмес. Эрдоган менен Бахчели президенттик сарайда 45 мүнөт жолугушкан, бул жолугушуу тууралуу эч кандай сөз болгон эмес. Жакында 2021-жылдын 12-ноябрында  Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана байкоочу катары Түркмөнстан менен Венгрия жолугушкан. Стамбулда өткөн бул жолугушууда Түрк мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши Түрк мамлекетинин уюмуна айланган. Бул жолугушууда 2040-жылга чейин түрк дүйнөсүнүн Концепциясы кабыл алынган.

Түрк тилдүү элдердин катарына өлүп жок болгон көптөгөн элдерден тышкары азыр да элүүдөй эл бар. Өз алдынча мамлекет түзгөндөрү Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, андан тышкары Орусиянын курамында автономиялык республика түзгөндөр: Татарстан, Башкортстан, Крым, Якутия, Хакасия, Тува, Кабардин-Балкар, Карачай-Черкес, Чувашия, Өзбекстанда: Кара-Калпак, Кытайда: Уйгур-Шинжаң автономиялуу району. Булардан тышкары өз алдынча тилин сактап топтошкон элдер Венгрияда Мажарстан, Дагестанда кумук, Орусия, Кытайда көптөгөн түрк элдери бар.

Тилдердин айырмасына карата батыш жана чыгыш деп шарттуу аталган эки ири топко ажырайт. Батыш тобуна КЫПЧАК тилдүү: казак, башкыр, каракалпак, ногой, кумук, татар, өзбек-катагандар, өзбек-лакайлар, өзбек-дүрмөндөр, өзбек-барластар, крым татарлары, балкарлар, карачайлар жана башка майда элдер, ОГУЗ тилдүү: түрк, азербайжан, гагауз, түркмөн, салор, крым татарларынын түштүк диалектиси, караимдер, крымчактар, чуваш,шахсевендер, кажарлар, кызылбаштар, йуруктар башка майда элдер, УЙГУР тилдүү: уйгурлар, өзбектердин отурукташкан бөлүгү башка майда элдер кирет.

Чыгыш тобуна – КЫРГЫЗ-КЫПЧАК тайпасына: кыргыздар, түштүк алтайлыктар башка майда элдер, УЙГУР-ТУКУЙ тобуна: хакастар, тувалар, якуттар, долгандар, түндүк алтайлыктар, шорлор башка майда элдер киришет.

Түрк тилдүү элдер Түрк тилдүү элдердин басымдуу бөлүгү ислам дининин суннит багатына кирет. Ислам дининин шиит агымдарына азербайжандар, шахсевендер, кажарлар, кызылбаштар, христиан равославдар чуваштар, гагауздар, якуттар, хакас, алтайлыктардын бир бөлүгү, балкан түрктөрү, буддисттерге тувалар, Монголиянын түрк тилдүү этностору, иудейлерге караимдер, крымчактар, шаманизмге сары уйгурлар, тувалар, алтайлыктар, хакастар, шорлордун бир бөлүгү сыйынышат. Демек, түрк тилдүү элдер дүйнөдөгү белгилүү диндер менен байланышта. Бул түрк тилдүү элдердин таралуу ареалын да чагылдырат.

1991-жылга чейин бир гана Түркия эгемендүү мамлекет болгон. Түркияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан кошулган.

Түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтык саммити 2010-жылы расмий түрдө түзүлүп, катчылыгы иштей баштаган. Ага төрт өлкө: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө болгон.Алгачкы саммит 2011-жылы Казакстандын Алматы шаарында өтүп, экинчи саммит 2012-жылы Бишкекте уюштурулган. Бул саммитте түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы билим берүү, маданий кызматташтык маселелерине көңүл бурулган. Ал эми үчүнчү саммит Азербайжандын Гебели шаарында уюштурулса, төртүнчү ирет бул уюмдун саммитине Түркиянын Бодрум шаары 2014-жылы кожоюндук кылган.

Бешинчи жолу кеңештин жыйыны 2015-жылы Казакстандын Астана шаарында өткөн соң үч жылдык тыныгууга туш болду. Расмий Бишкек саммитти 2016-жылы өткөрүүнү болжосо да, президент Атамбаевдин айынан жок болуп кете жаздаган Түрк кеңешинин саммити эки жыл бою өткөрүлбөй келген.

2018-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өткөн. Бул ирет Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулду. Чолпон-Атада саммиттин декларациясына кол коюлуп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости