www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайдын толуп турган мезгили өзүнчө бир керемет кез эмеспи. Айрыкча жай түнү жанга жагымдуу сезилет. Кечке чейин күндүн ысыгынан желдеп чарчап, бут тарта албай чарчаган адамдар бут созо эс алышып жылуу түндү өздөрүнчө бир жыргап өткөргүлөрү келишкендей.
Ошондой жайдын түнүндө бир батирде чогуу жашаган Венера аттуу кыз экөөбүз көпкө чейин сыр чечишип сүйлөшүп отурдук. Орус кемпирдин чакан короосунда ортого коюлган эски керебеттин устүндө силкилдеп отурдук. Аңгыча, коюу түндү жарык кылып асманга ай да көтөрүлду. Жөн эле табактай болуп шаардын үстүндө акырын гана каалгып жылып баратты. Айдын мындай толуп турганы мага жагып, аны жалдырай карап отурдум,
- Мен ушундай толуп турган Айдан корком... - деп акырын гана шыбырады Венера менин кулагыма.
- Эмнеге?.. Койчу... Карачы, кандай гана керемет... Алтын табак өңдөнүп нурданып дөңгөлөнүп баратканын карабайсыңбы!.. "Ак булутту аралап, Ай баратат, Ай баратат, Ак куу болуп көлдөгү жай баратат..." Өзүмдөн өзүм эргип, үнүмдү созо ырдап кирдим.
Ырдап жатып көзүмдүн кыйыгы менен акырын Венераны карасам... бул кыздын көздөрунөн аккан жаш жаак ылдый куюлуп жатыптыр! Ийиндери солкулдап, акырын гана үн чыгарбай...
- Венера, сага эмне болду?! - мен катуу чочуп Венераны ийинден тарттым.
- Бир жериң ооруп жатабы? Азыр эле жакшынакай болуп отурат элең го!
- Мен Айдан корком дебедим беле, эже. Дал ушундай Ай биздин үйүбүзгө кырсык алып келген.
- Айбы? Адамдар менен Айдын кандай тиешеси бар? Булар табигаттын эки башка кубулушу болгондуктан, алар өз алдынча тиричилик өткөрүшөт да...
- Жо-ок! Ай деген адамдарга өз таасирин тийгизет экен... Сиз билесиз го, биздин атабыз дүйнөдөн өтүп кеткен. Биз анда кичине кезибиз эле. Атабыз бизди мойнуна көтөрүп эркелетип өстүргөн. Анан калса, ал киши азыр ойлосом жоош-момун, өз тирлигин кылдыратып жүрө берген адам экен. Колу жөндөм темир уста болгондуктан, чарбанын ар кайсы жумуштарына иштечү,
Ошол күндөрү дагы Айдын дал ушинтип толуп турган мезгили болчу. Атам дайыма короодогу бай түп дарактын түбүнө өзу орнотуп алган кооз сөрүгө жатып уктачу эле. Бир күнү эртен менен эле салбырап, ийиндери ылдый түшүп калганын көрдүк.
- Ия, Ысмайыл! Сага эмне болду? Табың айнып турабы? - деп өнтөлөй сурады апам эртең мененки чайды ичип отурганда.
- Жо-ок, эч жерим деле ооруган жок го... - деп көздөрүн ала качып, пиаладагы чайын шорулдата уурттады ал. Биз балабыз да, эч нерседен бейкапар жөжүрөп ойноп кете бердик. Атам менен апабыз өздөрүнчө кужулдашып көпкө отурушту. Эски велосипедине апам түйүп берген азыкты байлап алып, атабыз короодон чыгып баратканын көрүп, бир топ жерге чейин анын артынан чуркап барып калып калдык. Кайра келсек, короонун ортосунда атам кеткен тарапты селейип карап турган апабызды көрүп томсоро түштүк.
...Ошол күнү атабыз жумушунан негедир кечигип жатты. Күүгүм кирип, күн батып, күн уясына отуруп калса да атабыз келбей жатканына биздин да негедир тынчыбыз кете баштады. Дал ушинтип асманга Ай жылып чыгып калган маалда биздин үйгө бир "грузовой" машина келип токтоду. Аны менен бирге кошуна-колоңдор бат эле чогулуп баары үйгө кирип келишти...
Ошентип, атам каза болду 50 жашында , - деп ийиндерин дирт-дирт эттирип сөзүн аяктады Венера.
Көрсө, анын атасы Ай толуп турган түнү короодогу сөрүдө уктап жатып Айдын көзүнө тушүптүр... Аны атасы өзү сезип калыптыр. "Уктап жаткам, -дептир ал эртең менен чайга отурганда апама, - анан эле көзүм ачылып кетсе болобу. Бет алдымда тигил Айдан бери жерге чейин ак шоола көпүрө сымал тирелип туруптур. Негедир таң калган деле жокмун. Себеби. менин бүт денемди башкача бир сезим ээлеп алыптыр. Бакырайып карап жата бердим окшойт. Бир аздан соң эле баягы ак шоола курч миздүү бычак сымал менин бүт денемди аралай өтүп, менден да ары миңдеген чакырымдарга узарып кетип баратты. Негедир денем алсырап, кайра кантип уктап кеткенимди билбейм... Таңга маал түш көрүп чочуп ойгондум. Түшүмдө Айдан кылыччан бир киши түшуп келип мага бир нерселерди сүйлөгөндөй бодду. Түшүнүгүмдө -Айдын көзү мага түшүптүр. Эми ал мени өзүнө алып кетет экен..."
Атабыздын ошол түнкү көргөн нерселерин апам шордуу жакшылыкка жоруса дагы, жүрөгү алда нени сезгендей сестенген тура ошондо. Атам ыраматылык кечке эптеп иштеп, а кечинде велосипедине минип кайра үйгө тартканда, бүткүл денеси биротоло оордоп, сезими караңгылап, көздөрү карайлап, кулагы тунжурап эле болбой калат. Айылга кире бериштеги белге келгенде бет алдында күрүлдөп келе жаткан "ЗИЛ" машинасынын алдына түз эле өзү кирип барыптыр!
Венера өз арманын айтып ыйлап отуруп түн бир оокум болуп калыптыр.
- Капырай, бул эмнеси? - деп өзүмчө түпөйүлдөнүп жатып көптө уктадым. А кийин эл арасынан угуп жүрбөймүнбү, асмандагы Ай ар түрдүү фазасында жаратылышка, тирүү жандыктарга, анын ичинде адамдарга да ар түрдүүчө таасир этээрин. Албетте, адам баласын Алла Таалам өзү жаратат, каалаган убагында өзү кайра алып кетет эмеспи. Өлүмгө албетте ар нерсени себеп кылып берет. Балким, Жаратканыбыз ага Айды себепчи кылгандыр. Менимче жүз пайызга Айга ишенүүгө болбойт. Мен өзүм ушундай ишенимде, ойдо турдум. Иши кылып пенделериңе жылуу мээрим менен карай жүрсөң болду, алтын Айым!
Булак: "Сырдуу дүйнө"