www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» боюнча 2021-жылы Акаев келип, жүзүн көрсөткөн боюнча «омийн» болду. Аны кучактап өөп кала албай Токтайым Үмөталиева арманын эч кимге жеткизе албай өкүнүчтө. «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк Бишкектин борборунда кымбат баалуу кеңседе отурат. Аталган холдингдин Бишкектеги жаңы офиси Панфилов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, айына 50 миң доллардын тегерегинде ижара акысын төлөйт. Бөлтүрүккө чейин аталган компания «Учкундун» имаратында жайгашкан. Буга жооп иретинде мындай билдирүүлөр болуп жатат."Кумтөрдүн" кеңсесинин ижара акысы боюнча акыркы келишим түзүлө элек, учурда эң арзан баада алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ижарага берүүчү менен сүйлөшүүлөрдүн башында чарчы метр үчүн 17 доллар туурасында сөз болгон, бирок арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

"Кумтөр голд компани" ЖАКы өткөн кылымдын 80-жылдары эле тургузулган "Учкундун" имаратындагы кеңсе үчүн ижарага 27 миң доллар төлөп келген. Башкача айтканда, лифтилери улам иштебей, электр жарыгы менен жылытуу дайыма үзгүлтүккө учурап, желдетүү системасы начар жүргүзүлгөн имарат компанияга айына 2 миллион сомдон ашык чыгым алып келип турган. Мындан сырткары, курамына 32 ири долбоор кирген "Улуу көчмөндөр мурасы" Улуттук холдинги" ААК толук кандуу иштеп баштаганын айтышты. Бүгүнкү күндө эки ишканада жалпысынан 500гө жакын адам иштеп жаткандыгын, жаңы кеңсеге көчүү кызматкерлерди ыңгайлуу жана коопсуз иш шарттары менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгондугун жүйө келтиришкен.

Биринчиден, "Кумтөр" Кыргызстандын бюджетин түзүүчү ири ишкана жана анын кызматкерлери эртең мененки саат 8ден кечке чейин, көп убакта эс алуу күндөрү да иштеп келет. Албетте, алар ылайыктуу шарттарда иштөөгө толук укуктуу. Экинчиден, ижара акысы бир эле "Кумтөр голд компанинин" эсебинен төлөнбөйт. Мындай сандагы долбоорлорду камтып турган холдинг ижара акысынын өзүнө тийиштүү бөлүгүн төлөйт. Үчүнчүдөн, көп миллиарддаган кирешеси бар өлкөнүн эң ири компаниясы татыктуу кеңседе иштөө менен эл аралык делегациялардын, чет элдик инвесторлордун алдында ыңгайсыз абалда калбагыдай мүмкүнчүлүккө ээ.

Жеңишбек Токторбаевдин жаңы кеңсенин чарчы метринин баасы 20 доллар деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Анткени ижара боюнча акыркы келишим түзүлө элек, учурда кеңсени эң арзан баада алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ижарага берүүчү менен сүйлөшүүлөрдүн башында чарчы метр үчүн 17 доллар туурасында сөз болгон, бирок андан да төмөн баа боюнча сүйлөшүүлөр уланууда", — деп айтылган маалыматта.

"Кумтөр голд компани" ЖАКы жана "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги коммерциялык чарба субъектилери болуп саналат, демек, отчетту директорлор кеңешинин алдында бериши керек деп айтылган таратылган билдирүүдө. Ошондой эле тийиштүү деңгээлдеги коопсуздук менен камсыздалган татыктуу кеңсеге жайгашууга милдеттүү. Бул "Манас" эл аралык аба майданы, "Кыргыз алтын" ААКы, "Альфа Телеком" ЖАКы (MegaCom соода маркасы) жана башкаларга да таандык", — деп кошумчалашкан.

ЖКнын депутаты Жеңишбек Токторбаев компания мамлекеттик кеңседен менчик имаратка кетип, ага 50 миң доллар ижара акысын төлөп жатканын билдирген. Бирок бүгүнкү билдирүүсүндө 5000 чарчы метрлик аянттын ижара акысы айына 120 миң доллар болгонун айткан.

 «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын айткан. Кенден былтыр 14,62 - 15,86 тонна алтын өндүрүү мерчемделген. Теңгиз Бөлтүрүк 2021-жылдагы план аткарылганын, жыл сайын алтынды казуунун көлөмү көбөйтүлөрүн кошумчалаган.

«Калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын бар. Андан 60-65 тонна алтынды чыгарып алышыбыз мүмкүн. 2024-жылы кендеги алтынды жер алдынан казуу иштери башталса, бери дегенде 3-4 тонна алтын берет. Калдык сактоочу жайдагы жана жер алдынан казылган алтынды кошсок эле жылына 24-25 тоннага чейин алтын өндүрөбүз”, - деген Бөлтүрүк.

Бирок Кыргызстан кенди өз карамагына алгандан бери канча тонна алтын казылганы, ал каякка, кандай шартта сатылганы, түшкөн киреше тууралуу маалымат берген жок. Бул маселе боюнча журналист да суроо берген эмес.

 “Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен.

Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Президент Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат берилерин билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости