www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бүтүн Кыргызстандын» «Биз Орусияга кошулабыз» дегени таптакыр акылга сыйбайт», - деди бүгүн, 17-июнда, NazarNews маалымат агенттигине "легендарлуу" парламенттин депутаты Жамин Акималиев.

- Орусиянын айрым сайттары «Бүтүн Кыргызстандын» партиясы Донбасска жардам жөнөткөнүн, ошондой эле, партиянын өкүлү Кыргызстанды Россияга кошуп алгыла деп айтканын жарыялады. Бул маалымат чын болсо, алар мамлекетибиздин эркиндигине шек келтирип, чыккынчылыкка барабар иш жасап жаткан жокпу?

- Донбасскабы же башка жерлергеби гуманитардык жардам көрсөтүү ар кимдин иши дечи. Бирок, ошондой болсо дагы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү бул маселени саясатташтырбашы керек. «Биз Орусияга кошулабыз, бизди Путин кабыл алсын» деген чакырыктар таптакыр акылга сыйбайт.

Анткени кыргыз эли кылымдап күткөн эгемендүүлүккө тынчтык жолу менен 1991-жылдын 31-августунда жеткен.

"Легендарлуу" парламент (мен ал кезде анын депутаты элем) бул тарыхий маселе боюнча атайын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Көз карандысыздыгы жөнүндөгү» декларацияны кабыл алып, өлкөбүздү суверендүү жана демократиялык мамлекет деп жарыялаган. Андан бери 31-жылга кетти. Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп, Бириккен Улуттар Уюмунун курамына кабыл алынды.

Биздин көз карандысыз өлкөбүздү дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери расмий түрдө тааныды. Анан ушундай ачык-айкын жана келечеги кең багыттан кантип кайра кайтабыз? Тескерисинче, Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана эркиндигин алдыга сүрөп, биз дүйнөдөгү 200 мамлекеттин катарында кайкайып турушубуз керек.

Ал эми Украинада болуп жаткан окуялар боюнча биз калыс саясат жүргүзүшүбүз зарыл. Башкача айтканда, Кыргызстан Орусия менен дагы, Украина менен дагы түз мамиледе болууга тийиш. Ошол эле учурда Батыштын Орусияга киргизген олуттуу санкцияларын биз колдой албайбыз. Эске салсак, буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Донбасска гуманитардык жардам жөнөткөнү айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости