www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Совет бийлиги, жаңы экономикалык саясаттын (НЭПтин) бүлүндүргүч сапатын өз убагында таанып-билип жоюуга мажбур болгон", - деди бүгүн, 10-августта NazarNews маалымат агенттигине өнөр жай боюнча адис Бөкөнбай Абдурасулов.

"Экономика, моделине жана колдонуусуна ылайык, сөзсүз түрдө өзүнүн бүлүндүргүч же жаратмандык сапаттагы таасирин өлкөнүн улуттук коопсуздугуна түздөн-түз көрсөтөт. Биринчи дүйнөлүк жана жарандык согуштардан кийин совет өлкөсү кыйратылып талкаланып, таланып тонолуп, жалгыз өзү капитализмдин курчоосунда турганда, аны калыбына келтирүүгө, өнүгүүсүн камсыздоого жана анын коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө экономикалык салым курч талап болуп турганда, аскердик коммунизмдин ордуна киргизилген жаңы экономикалык саясат (НЭП) модели, олуттуу экономика менен эмес, майда барат ишмердик менен гана чектелип, алып-сатар кызыл кулак мещандар, элдин канын митедей соргон майда буржуазия (НЭПмандар) жана бай кулактар же эзүүчү тап кайрадан пайда болуп, элдин нааразылыгын жараткан.

Совет бийлиги, жаңы экономикалык саясаттын (НЭПтин) бүлүндүргүч сапатын өз убагында таанып-билип жоюуга мажбур болгон. Анын ордуна өлкөнү индустриялаштыруу жана коллективдештирүү үчүн мамлекет тарабынан жөндөлүүчү жаратман сапаттагы пландуу экономика модели киргизилип, анын күчү менен артта калган агрардык Россияны кыска убакытта (1929-56-жж.) чоң экономикалык "секирик" жасап өсүп-өнүккөн, космосту багындырган туташ индустриялдык ядролук советтик державанын даражасына жеткирген. Пландуу экономиканын күчү менен элдин туташ сабатсыздыгы толук жоюлуп, эл агартуу жана саламаттык сактоо бекер камсыздалды. Иштеген көпчүлүк адам мамлекеттен же иштеген жеринен бекер үйлүү болушту. Пландуу экономикага жумушсуздук, инфляция жана коррупция деген түшүнүктөр белгисиз жат көрүнүш эле. Экономиканын жылдык өсүү темпи көбүнчө эселенген же эки орундуу санды түзүп турган. Пландуу экономиканын күчү бүткүл Европанын экономикасына таянган фашисттик Германияны экинчи дүйнөлүк согушта жеңүү үчүн негизги фактор болду. Ал эми, батыштын таӊуулоосу менен жана Россиянын артынан ээрчип колдонууга киргизилген либералдык рынок экономикасынын бүлүндүргүч сапаты, совет бийлиги өз убагында жоюуга мажбур болгон НЭПтен да бир топ ашып түштү.

Либералдык рынок экономикасы өзүн-өзү жөндөп кетет, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүн жана жалпы элдин бакубат жашоосун камсыздайт деген бийликтин берген убадасы ишке ашпады. Тескерисинче, өлкөнүн кубаттуу өндүрүштүк базасы тып-тыйпыл жок кылынып, мамлекет тарабынан жөндөлбөгөн жана тикелей башкарылбаган, алдын-ала айтууга мүмкүн эмес болгон (непредсказуемая) башаламан, калктын чакан бөлүгүнүн гана кызыкчылыгына жооп берген бүлүндүргүч сапаттагы экономика модели орноду. Ага мүнөздүү болгон жумушсуздук, жакырчылык, инфляция, коррупция, көмүскө экономика, салыктарды жана төлөмдөрдү төлөбөө, айлана чөйрөгө, экологияга жана адамдардын ден-соолугуна зыян келтирүү, эмгекчилердин эмгек укугунун жапырт бузулушу, коомдун бай-кедей болуп социалдык сословиелерге жиктелиши жана коомдогу саясий чыңалуулар пайда болду.

Ал эми, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери рынок экономикасы ого бетер алсырады жана өлкөнү дээрлик отуз жылга созулган оор кризистен чыгармак турмак, убактылуу кыйынчылыкты жоюуга да жөндөмсүз экенин даана көрсөттү. Бийликтин өлкөгө сырттан инвестиция тартуу, жеке менчик бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү, аны текшерүүлөрдөн бошотуу жана негативдүү таасирлерден коргоо боюнча жүргүзгөн саясаты өлкөнүн жалпы өнүгүүсүн камсыздоо үчүн такыр жетишсиз. Ал эми, инвестицияны өлкөгө көзөмөлсүз жана өлчөмү жок тарта берүү – бул өлкөнү сырткы инвесторлорго ыктыярдуу жана бекер өткөрүп берүү дегендикке жатат.

Инвесторлор жана калктын чакан эле бөлүгүн түзгөн бизнесмендер бардык аракети менен пайда таап баюуну гана көздөп, мамлекеттин өнүгүү максаты жана элдин бакубат жашоо мүдөөсү, өлкөдөгү жумушсуздук жана жакырчылык менен байланышкан социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар да милдеттүү да эмес. Бизнес өзүнө керектүү учурда товарын катып, бааны кымбаттатып, иштегендерди кыскартып же ишканасын жаап саботаж кылышат, акчасын же бизнесин өлкөнүн сыртына чыгарып кетишет. Жумушсуздукту, ага байланышкан жакырчылыкты жоюу жана өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү чечүү мамлекеттин гана милдети! Бирок, колунда өзү таасир этип, тикелей башкаруудагы улуттук экономикасы болбогон мамлекет, либералдык экономиканы жөндөптескөөгө укуксуз болуп ички-тышкы карызга батып, бизнеске экономикалык көз каранды жана жаралган социалдык көйгөйлөрдү өзү чечүүгө кудуретсиз. Өлкөнүн жана элдин тагдырын жалгыз либералдык рыноктук экономикага элди кыйнап, тырмышып жабышып, жалгыз ага үмүт артып, ишеним байлоо чоң каталык. Биз, ушуну менен либералдык рыноктук экономикасын НЭП сыяктуу жоюп жиберүүнү демилге кылбайбыз. Бирок, мыйзамсыз байыгандарды жана коррупцияга аралашкандарды жоопко тартууну, ишкердикти көзөмөлгө алууну колдойбуз.

Ал эми, мыйзамды бузбаган, коррупцияга аралашпаган, приоритеттик багыттагы өнүгүүгө олуттуу экономикалык салым кошкон нарк жараткан өндүрүштүк ишкердикке даректүү түрдө жагымдуу шарт түзүүнү, жеӊилдиктерди берүүнү жана аларды коргоону зарыл деп эсептейбиз. Биз, өлкөнү суверенитет алгандан берки отуз жылга созулган оор кризистен чыгарып, анын өсүп-өнүгүүсүн, экономикалык ички жана тышкы көз карандысыздыгын камсыздоо, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана улуттук коопсуздугун бекемдөө үчүн, турмуштун татаал сыноосунан ийгиликтүү өткөн, табияттын "Ар түрдүүлүктүн биримдиги" мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-беренесинин 1-бөлүгүндө “Кыргыз Республикасы экономикалык ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргойт”- деген жобону жүзөгө ашыруу үчүн, мамлекеттин тикелей башкаруусундагы пландуу жөндөлгөн жана либералдык рыноктук экономикалык моделдер бирге катышкан инклюзивдүү Аралаш экономика моделине токтоосуз өтүү зарыл жана аны кыска мөөнөттө ишке ашыруу толук мүмкүн деп эсептейбиз.

Пландуу экономика, Аралаш экономиканын ажырагыс жана негизги жаратман сапаттагы компоненти болуп, рынок экономикасына каршы келбейт, тескерисинче алар бири-бирин толуктап, биринин кемчиликтерин экинчиси жоюп турат. Мамлекеттик сектор камтыбаган товардык позициялар (люфт) жеке сектордо өндүрүлүп, өлкөдө товардык дефицит жаралбайт. Сунушталган экономикалык реформа иштеп жаткан жеке менчик ишканалар эч кандай зыян тартпагандай болуп жүргүзүлөт, алар кадимкидей иштей беришет. Урматтуу кыргыздын алдыӊкылары жана мекенчилдери! Келгиле, түптөлүп жаткан “Жаратман” коомдук кыймылына бириккиле! Баарыбыз биригип, өлкөнү аралаш экономикага өткөрүүнү алга сүрөмөлөйлү!", - деп жыйынтыктады Абурасулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости