www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоодогу эки аяктуу макулуктар

Өлкөбүздүн басымдуу бөлүгү тоо болгондон кийин, ал жакта жашаган жан-жаныбарларга ууга чыкканды бадыгыбыз эле жакшы көрөбүз. Өзгөчө биздин айыл тоо арасында болгондуктан, кийикке чыкканга бардыгы эле кызыгышат. Кыш мезгилинде айылдын тургундары үчүн жумуш дагы азая түшөт. Ошо себептен үч-төрттөн болуп жумалап кийикке чыгып кетишет. Эки-үчөө чогула калса аң уулоону эле кеп кылып калышат. Аң уулоонун эң кызыктуу мезгили ушул кыш мезгилинде болот. Беш-алтоосу өздөрүнчө сүйлөшүп алып кийикке кетип баратышса, дагы бир тобу кийик уулоодон олжолуу келатышат. Жалаң эле кийик уулоо менен чектелбей, коён, түлкү жана башка ушу сыяктуу жан-жаныбарларга дагы аңчылыкка барышат. Олжолуу кайтып келатканда жолдон кезигип калгандарга сөзсүз шыралга беришет. Эски кишилер болбосо, азыркылар шыралга эмне экенин билишпейт. Шыралга деген олжолуу кайтып келатканда, алдыңан чыгып калгандарга үлүш белек кылып олжоңдун кандайдыр бир бөлүгүн карматасың. Бул деген тээ илгери ата-бабадан келаткан салт. Алдыңан чыккандарга сөзсүз беришиң абзел.

Кыштын болуп турган кычыраган мезгилинде айылдык төрт адам өзүбүзчө сүйлөшүп алып, таң агара электе багымдат намазына азан чакырып жатканда чыгып кеттик. Намазды үйдөн окуп, дуба кылып чыкканбыз. Ар бирибизде бирден мылтык, дүрбү, ат, анан арабызда бир-экиден ит бар. Бардыгыбыз тең жылуу тон кийгенбиз. Анткени ал жакта сөзсүз түрдө жумалап жүрүп калабыз. Кээде суук жерде түнөөгө, уктоого туура келет. Үшүбөш үчүн калың кардын ичине кирип алып жатсаң жылуу жакшы уктайсың. Төртөөбүз тең мурун дайыма кийикке чыгып жүргөн адамдарданбыз. Ууга чыгуунун жол-жобосун жакшы билебиз. Дегеле куру кол кайтып келген күнүбүз болгон эмес. Кийиктер алыс жакта жүрсө дагы изинен издеп жүрүп отуруп акыры кууп жетип, таап, бирөөсүн гана атабыз, болду, башкасына тийбейбиз. Ошол олжобуз менен кайра кайтып келе беребиз. Кайтып келатканда майда жандыктар кездешсе кыя өтпөй атып алабыз. Аларды шыралгага даярдап коёбуз. Анын үстүнө бардыгы жедеп дасыккан кыйын аткан мергенчилер. Бардыгы тең аткандарын жазбай, таамай атышат. Ошол боюнча аттарыбызды катуу бастыра тоо тарапты көздөй жүрүп отурдук. Баратканда жолдо кезиккен жан-жаныбарлардын бирине дагы ок атпайсың. Кайтып келатканда ата берсең болот. Мергенчиликтин өзүнүн ырым-жырымы ушундай.

Тоо-ташты эки күн кыдырып жүрүп дегеле бир дагы кийиктин изин кезиктире албай койдук. Сыягы, бизден мурун чыккандар аларды алыска үркүтүп жиберишсе керек. Кышкы карда бардык жан-жаныбарлардын изин көрүүгө болот. Бирок аркар-кийиктер топтошуп жүрүшкөндүктөн топ изди издөөбүз керек. Ар бир жандыктын изин жатка билебиз.

Арабызда жүргөн Калыгул деген киши бардыгыбыздан улуу, кийик уулоодо далайды башынан өткөргөн өтө кыраакы. Кардагы карышкырлардын топтошкон изин көрдү дагы алардын кайсыл тарапка кеткенин баамдап койду.

- Болду, болбоду мобул карышкырлар кеткен тарапта кийиктердин тобу бар. Ушул издин багыты менен жүрүп отурсак, кийиктерди таап алабыз.

Бардыгыбыз аттарыбыздын башын ошол тарапка бурдук дагы ылдамдыгыбызды күчөтүп, жолубузду уланттык. Эки күн жол жүрүп дегеле кийиктердин дайынын таппай койдук. Күүгүм киргенде бир жарчанын түбүнө уктадык, Эртеси күнү жолубузду андан ары улап, түн киргенде калың кардын ичине сойлоп кирип алып уктоого туура келди. Аттарыбызды бири-бирине байланыштырып койгонбуз. Биз тоо арасына уктап көнүп калганбыз, эң башкысы үшүбөсөк эле болду. Төртөөбүз тең бири-бирибизге катарлаш калың кардын ичине сүңгүп кирип алып жатканбыз.

Түн бир оокум болуп калган. Бир кезде аттардын кишенеп дүргүгөнү, иттердин арсылдап үргөнү бардыгыбызды ойготту. Кардан акырын башыбызды чыгарып иттер үрүп жаткан жакка көз жүгүрттүм. Карышкырлар же илбирстер деп ойлогом, жок андай эмес экен. Бизден үч-төрт метрдей бийик келген эки аяктуу эки караан аттардын жанына жакын келишти. Мен жанымдагыларды ойготоюн десем, алар дагы эбакта ойгонуп, көлөмдүү эки аяктуу макулуктарды карап турушуптур. Калыгул "чш-ш акырын, унчукпа" дегендей белги берди. Акырын акмалап карап турдук. Аттар бири-бирине катуу чырмалышып байлануу болгондуктан, ары-бери жулкунуп, бирок качып кете албай тыбырчылай беришти. Иттер болсо арсылдап үрүп бул коркунучтуу жандыктардан оолак болуп кетишкен болчу. Бир нерсе болсо эле атууга даяр болуп турдук.

Экөөнүн бирөөсү четтеги атты тапатак көтөрдү да, мойнуна салып алып ары көздөй кадам ташташты. Күтүлбөгөн жерден кандай пайда болушса ошондой жок болуп кетишти. Биз сыртка чыккандан чочулап турдук. Калыгул аксакалыбыздын атын алып кетишиптир. Аларды көргөндө бардыгыбыздын тең үрөйүбүз учуп калды. Канча жолу ууга чыгып жүрөбүз, мындай коркунучтуу жандыктарды биринчи жолу көрүшүбүз. Аларга кабылып калбайлы деп, эртеси күнү дароо эле артка кайттык. Аң уулоодон биринчи жолу жолубуз болбой келдик. Бизди кийик атып келишет деп айылдагылар шыралгадан үмүт этип отурушуптур да. Көргөн нерсебизди айтсак, эч кимиси ишенбей коюшпадыбы?

- Мындай эмес эле, башка нерсени ойлоп тапсаңар ишенет элек. Жолубуз болбой, кийиктерди таппай койдук деп эле ачык айтпайсыңарбы, калп сүйлөбөй, - дешип кайра бизди сынай карап турушту. Тобо, мындай тоодо жашаган көлөмдүү эки аяктуу макулуктарды биринчи жолу көрүшүм. Анын үстүнө биз тоонун эң түбүнө сүңгүп кирип, аябагандай алыс кетип калыптырбыз. Ошондой эки аяктуу макулуктарды силер да көргөнүңөр барбы? Мен алар тууралуу көргөн-билгенимди гезит бетине жазууга туура келди.

А.Акматбеков, Тогуз-Торо району

Булак: Шамбала

Последние новости