www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуя союздун убагында Жумгал районуна караштуу бир айылда болгону айтылат. Сапар карыя тоодо мал менен  болуп, көптөн бери айылга түшө элек болучу. Эртең менен айылдан кабар келди “аталаш тууганыңдын оорусу катуу” деп. Беш жашка улуу агасына барып учурашып келбесе да болбойт. Анткен менен агасы көптөн бери ооруп төшөк тартып жатып калганы да чын.

Сапар кашка атты токуп минип, жалган шашкеде айылды көздөй сапар алды. Анткен менен жол итапкан алыс. Аттын жалын тиктеп ойго алаксып келе жатып, ооруп жаткан агасын эстеди. Бир кезде кандай олбурлуу, эр эңишке түшүп, балбандык дагы жайы бар эле, карылыгың каплет келет белем. Илдетке кабылган агасы  арыктап, денесинен эти качып калган эле.

Күн ылдыйлап, уясына жакындап калган кезде айылга келип, агасынын үйүнө бет алды.

Келсе агасы баштагыдан дагы арыктап, үнү араң эле чыгып калыптыр. Анын көздөрүнөн эле билди, нуру өчүп жашоосу аягына чыгып калганын.

Эки саатай жанынан жылбай отуруп, караңгылык айлананы каптап калган кез. Кечке ат минип жүргөнгө жаны жер тартканынан сыртка чыгып, сергүүгө чепкенин жамынып жатып уктап кетти. Бир кезде кандайдыр бир дабыштан ойгонуп кетсе, кара шляпадай болгон баш кийим, узун плаштай болгон кара кийим кийген, кара сөлөкөт  жанына келип, чүмкөнүп жаткан Сапардын бетин ачып тигиле карады. Аны менен азга тиктеше түштү. Ал сөлөкөттүн өңү ушунчалык суук экенин дароо байкады. Ал суук көзү менен караганда коркуп кетип көзүн жумуп жиберди. Кара сөлөккөт көпкө кармалбай нары басты да,үйгө кирип кетти. Бул убакта түн ортосу болуп, жалпы эл таттуу уйкуда жатышкан болучу. Кара сөлөкөт тез эле үйдөн чыгып, каякадыр сапар алды. Бул окуяга күбө болгон Сапар токулу турган атына минип кайра тоого жөнөдү. Анткени алиги кара киши агасынын жанын алып кеткенин билди, эми кайра келип калбаса экен деп, өзүнүн караанын алыс алып кетүүнүн амалын кылды.

Эртең менен таңга жуук тоодогу үйүнө келип, аттын белин бошотуп, мамыга аса байлап коюп, ичкери кирди. Чарчаган жаны тез эле көзү илинип кеткен экен, бир кезде айылдан кабар келди “агаң каза болду” деп.

Сапар карыя кабар келээринен бери билген. Анткени алиги кара сөлөкөт агасынын жанын алганы келгенин кечинде эле билген жана ал кайра келип калбасын деп да ойлогон. Сапар карыя ажалды бет маңдай жерден көргөнүн эч кимге айта алган жок. Бирок, арадан туура бир жылдан ашык убакыт өткөндө, агасынын ашын берип жатканда гана элге айтып берди. Көрсө, ажал дагы ар кандай кийим кийип, түрүн өзгөртүп келээрин айтышты. Бул эми бир гана киши күбө болгон окуя

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости