www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы соодасы өстү

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,7 пайызды, курулушта өсүү 0,9 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 3,6 пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Керектөө чөйрөсүндө 2019-жылдын январында инфляциянын деңгээли 0,4, 2018-жылдын январында бул көрсөткүч 0,6 пайызды түзгөн.

2019-жылдын январында мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу, баалардын жана тарифтердин төмөндөөсү Талас облусунда (0,1 пайызга), Ысык-Көл облусунда мурунку айдын деңгээлинде сакталып,  алардын эң көп жогорулоосу Жалал-Абад облусунда (0,6 пайызга) байкалган.

Республиканын тышкы соода ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү. Маселен, алдын ала маалыматтар боюнча, 2018-жылдын январ-декабрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6,7 миллиард АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын январ-декабрына салыштырмалуу 6,6 пайызга жогорулады. Ошону менен бирге, импорттук  келип түшүүлөр 9,2 пайызга жогорулаган, ал эми экспорттук коюулар 2017-жылдын январ-декабрынын деңгээлинде белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости