www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: «Башы жок бала»

Дегеле адам баласынын акылына сыйбай турган ойлонсо ою, баамдаса башы жетпеген укмуштуу бул окуяны жайлоодо мал багып жүргөндө тээ илгери бала чагымда чоң атам айтып берген эле.

Мен анда тогузунчу класста окучумун. Чоң атамдын айтканы мага жомоктой эле сезилген ошондо, ошол себептен өз мезгилинде мен ага анча деле маани берген эмесмин. Эгерде ошол чын болсо...

«Миң уккандан бир көргөн артык» дегендей ар ким дээринде өз көзү менен көрмөйүнчө, чындыкты жүрөгү менен сезмейинче, далил болмоюнча, колу менен сыйпалап текшермейинче эч ишенбейт эмеспи. Убагында менде деле ошондой сезим болуп турду. Кийинчерээк турмушумда нечен укмуштарды көрүп, бардыгына акыл калчап, саресеп салып калган мезгилде ушул темага же тагыраак айтканда, окуяга кайрадан кайрылууга туура келди.

Бул мезгилде «мен Орусиянын борбору Москвада геологиянын жогорку окуу жайын бүтүрүп кайра өз мекениме кайтып келип иштеп жаткам. Жергебиздеги ак кар, көк муздуу тоолорго чыгып, жайы-кышы дебей, аба-ырайынын ысык-суугуна карабай ошол жактарда түнөп жашоонун бир топ кыйынчылыктарын, тажрыйбаларды башымдан өткөрүп чыйралып калгам. Ошол чоң атам айткан кызыктуу баянды өз көзүм менен көрүп, текшерип көргүм келди. Чын эле… балким, чындыр? Эң эле өкүнүчтүүсү, чоң атамдын көзү эбак эле өтүп кеткен. Атамды болсо өткөн кылымдын отуз жети-отуз сегизинчи жылдары Өкмөт тарабынан куугунтукка алынып, (репрессия деп коюшчу аны) алып кетишкен. Аны ошол боюнча көргөнүбүз жок. Ал кийин Союз чачырагандан соң гана акталып чыкты. Атамдын элеси элес-булас гана эсиме сакталып калды. Анда мен бир топ эле жаш болчумун. Убагында үй-бүлөбүз менен бир топ эле кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк.

Апабыз болсо тээ алыскы Түштүктүн Алай району жакка турмушка чыгып кетти бир чоң кызматкерге. Аны да ошол боюнча өлүү-тирүүсүн билбей калдык. Үч бир тууган элек. Улуу эжебиз Жумакүлдү өзү менен кошо ала кеткен. Иним экөөбүз чоң атам менен чоң энемдин багуусунда калдык. Алар биздин жетимдигибизди эч билгизген жок. Кыйынчылык ары-бери калчап бат эле адам баласын бышырып коёт экен, иним экөөбүз башка өзү теңдүү балдарга караганда эрте эс жетилдик. Чоң атабыздын ар кандай иштеринде жеңилин жерден, оорун колдон алып дайыма кол кабыш кылып жүрдүк.

Ошондо жайдын саратан мезгили болчу. Чоң атам менен жайлоодо мал багып жүргөнбүз деп айтпадымбы жогоруда. Ал түнкүсүн уктоого жатканда биз уктап көзүбүз илинип кеткиче жаш
кезиндеги башынан өткөргөн кызыктуу окуяларды айтып берээр эле. Өзүнүн оюнан чыгарып айтчу беле же чын эле көргөнүн баяндачу беле, айтор, көпкө чейин унутулбай сезимибизге сиңип, сакталып калаар эле. Бул жолку баштан өткөн окуясы, баяны мен үчүн өмүр бою унутулгус болуп, жүрөгүмө сакталып калды. Ошондо чоң атамдын айтканын иним экөөбүз таң атканча уктабай угуп таң аттырганбыз.

- Мен силерге кызыктуу бир окуяны айтып берейин, муну мен эч кимге айткан эмесмин, экөөңө гана айтып жатам, жакшылап угуп тургула. Бул ойдон чыгарылып айтылган эмес, чыпадан чындык. Балким, силер ишенбешиңер да мүмкүн, бирок ишенгиле, - деп баштады чоң атам өзүнүн аңгемесин, - кийинчерээк толук акылыңарга келип, турмуштун ак-карасын калчап калган мезгилде буга кайрадан кайрылып, ой жүгүртүп көрөөрсүңөр. Мен анда бул чоң апаңарга үйлөнө элек жигиттик курагым болчу. Анда апам да, атам да тирүү эле, силер аларды көрбөй калдыңар, атүгүл аларды атаңар да көргөн жок.

Элдин баары Улуу Үркүндөн кийин Кытайдан кайра жергебизге кайтып келе баштаган мезгил эле. Көпчүлүгү боз үйдө жашабай орустарды туурап үй салып, кээ бири үйдү айланта короо, дарбаза кылып, малды короосуна кармап, бир айыл болуп топтошуп жайгашып, колхоз-совхоз чарбалары уюшула баштаган. Айыл жөн жайгашпай көчө-көчө болуп, үйлөр катар тизилип, трактор, машиналар көчөлөрдөн жүрүп калган. Элибиз Кытайдан кайтып келгенден кийин жергебизде бир топ эле өзгөрүүлөр болуп өттү. Менин жашым анда отуздарга чукулдап бара жаткан. Эл аны «эки дөңгөлөктүү шайтан араба» деп коюшчу. Бир жолу айылыбызга орус киши чоң, кичине ар түрдүү велосипеддерди алып келип бир-эки жолу малга алмаштырып сатып кеткен. Атам, апам бир кунаажын, бир кулунга ошондой велосипедди сатып берген. Айыл боюнча эки-үчөөбүздүн гана велосипедибиз бар болчу. Буга мен теңдүү жаш балдардын бардыгы кызыгышып, тепкенди үйрөнүп алышкан.

Бир күнү айылдын эң четинде жашаган Мырзабек деген кишиникине атам бир жумуштар менен мени жөнөттү. Ал колунда бар адам болчу, үйүн чоң кылып салып, айланта бийик короо, анан жыгачтан дарбаза тургузуп алган. Азыркыдай болуп салынбаса дагы айылдагы үйлөрдөн өзгөчөлөнүп турчу. Үйү дагы чет жакта, башка үйлөрдөн алысыраак бөлүнүп жашачу. Короосунда бир эмес эки-үч дөбөт иттердин байланып турганын көргөм. Эмнеге мынча көп ит кармайт ошондо түшүнбөпмүн. Алар короосуна дегеле киши кийирчү эмес. Таң калычтуусу, үй ээси өзү баштап, балдары менен көпчүлүккө анча аралашышчу эмес.

Үйүнө барсам дарбазасы ичинен илинүү экен. Короосунда балдарынын чурулдап ойноп жатканы угулуп турду. Ичине кантип кирээримди билбей турдум. Анан акырын дарбазасынын тешигинен ичине көз жүгүрттүм. Көргөн өз көзүмө өзүм ишенген жокмун. Жалган көрүнүп жатабы деп көздөрүмдү ушалап алып кайрадан көз жүгүрттүм. Силер, балким, ишенбессиңер кантип эле ошондой болсун деп, бирок бул чыпадан чындык. Короо ичинде менин баамдамча жашы жети-сегизге барып калган бала велосипедди ары-бери тээп жүрөт. Велосипедди Мырзабектин балдары чуру-чуу түшө артынан түртүп алышыптыр. Ишенесиңерби, алиги өспүрүм баланын башы жок экен. Калган денеси чапчаң кыймыл жасап велосипедди ары-бери зуулдатып тээп жүрөт.

Булак: «Шамбала» гезити

Последние новости